Комитеттин мүчөлөрү бүгүн коомчулукка кайрылуу жолдошту. Кайрылууда Аксы окуясы боюнча Жалалабад облусунун ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Токобаевди актаган Жогорку соттун чечимин Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин буздурганы негизсиз деп айтылат. Алар Башкы прокурордун Токобаевге карата иш аракеттерине нааразы болушуп, “Сатыбалдиев Жогорку соттун бир нече жолу карап мыйзамдуу чыгарган актоо өкүмүн бузуп салып, өзүнүн бир тергөөчүсүнүн токтому менен Аксы окуясынын негизги катышуучуларынын үстүнөн кылмыш ишти кыскарткан. Эмне үчүн? Алар өзү сыяктуу түштүктөн болгондуктанбы, же болбосо туугандык үчүнбү? Ушу дагы мыйзамдуулукпу? Эмне үчүн түштүктөгү окуяга түндүктүктөр гана жооп бериши керек? Же болбосо түштүктүктөр бийликке келсе түндүктүктөр кылмышкер, түштүктүктөр бийликке келсе түштүктүктөр кылмышкер болуп калабы? Мындай мыйзамсыздыкты түп тамырынан жойбосо Кыргызстан оңолбойт”,-деп жазылган кайрылууда. Комитеттин мүчөлөрү Башкы прокуратурадан Кубанычбек Токобаевди актоо талабын коюшкан. Эгерде талаптары аткарылбаса чечкиндүү аракеттерди жасоого мажбур болушарын айтышкан. (AJ)