Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

ТАБЫЛДЫ АКЕРОВ: САЯСИЙ АБАЛ КУРЧУП КЕТИШИ МҮМКҮН


«Азаттыктын» таңкы уктурууларынын кезектеги маектеши саясат таануучу Табылды Акeров болду.

- Өзүңүз билесиз, өкмөттүн баа саясатын акыркы 2-3 күндөн бери парламент курч талкуулап жаткан маселелердин бири болуп атат, эртең чечим чыкканы турат. Парламенттен кандай чечимдерди күтүүгө болот. Маселен кээ бир депутаттар кечээ Алмаз Атамбаевди кескин сынга алышты. Өкмөттү отставкага кетирүү маселеси көтөрүлбөйбү?

- Өкмөттү отставкага кетирүү маселеси дагы көтөрүлүп калышы мүмкүн, балким өкмөт отставкага кетип калышы да мүмкүн. Себеби кырдаал өтө эле курч болуп турат. Анткени нан бунту болот, бул акыры ошого алып барат деген сөздөр айтылып атпайбы. Саботаж кылып Атамбаевдин өкмөтүн кетирүүнүн амалы деген да сөздөр болуп атат. Чын-чынына келгенде жай мезгилинде эң биринчи курулуш материалдары кымбаттаган. Мисалы, Казакстандан келип аткан курулуш материалдары 50 сомдон 100 сомго чейин чыгып кеткен. Ошол маалда өкмөт кандайдыр бир чараларды көрүп, ушунун аягы эмне менен бүтөөрүн байкаган эмес. Андан кийин дароо ундун баасы көтөрүлүп кетти дагы, өкмөт буга дайын болбой калып, күндөн күнгө өсүп, элдин да тынчы кетип баратат. Негизи азыр саясий абал ушунун негизинде курчуп кетиши мүмкүн. Күзгү саясий процесстер, мисалы Аксы окуясы дагы көтөрүлүп атат. Ушуга байланыштуу оппозиция кандайдыр бир чараларды көрүп, өкмөттү кетирип, өзү упай топтоо максатында чоң жүрүштөргө барышы мүмкүн.

- Жашылдар партиясынын лидери кечээ уюштурган маалымат жыйынында дал ушул оппозициялык күчтөр нааразылык акциясын уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат деп билдирбедиби. Азыркы шартта оппозициянын кудурети канчалык, апрель митингисин өзүңүз билесиз аркасы кандай болгондугун, бүгүн кандайдыр бир упай топтогонго оппозициянын кубаты барбы, күчү канчалык?

- Оппозициянын апрель митингинде элди таратып, стабилдүүлүккө алып келүү үчүн аракеттер көрүлбөдүбү күч органдары тарабынан. Бирок бул ошону менен эле оппозицияны тынчытып койду деп айтуу кыйын. Анткени, Кыргызстанда граждандык кыймыл өтө эле курч. Мисалы, Казакстан, Өзбекстан менен салыштырууга болбойт. Ошондуктан бизде оппозиция дайыма ушундай курч абалда кала берет. Албетте, бир чети мындай ойлорду да берип атат, апрель митингин тараткандан кийин Кыргызстан, Казакстандын кейпинде бир-эки өкмөттү жактаган партияларды парламентке алып келип, ушундай негизде тынчытып стабилдүүлүккө алып келүү аракеттер көрүлөт деген. Бирок андай болушу мүмкүн эмес. Анткени, Кыргызстанда саясий партиялар өтө эле турукташып калган. Мисалы, “Ата мекен” партиясын эле алсак, жалаң Текебаевдин артында эле өтө чоң сөздөр жүрүп атат. Албетте, “Ата мекен” партиясын парламентке алып келбөө үчүн кандай чаралар көрүлбөсүн, баары бир булар парламентке келет.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG