Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

МЕДИЦИНАЛЫК ЖАРДАМДЫН САПАТЫН КАНТИП ЖАКШЫРТУУ КЕРЕК?


«Азаттыктын» таңкы уктурууларынын маектеши саламаттыкты сактоо министринин орунбасары Мадамин Каратаев болду.

- Сиздер бүгүн ЮСАИД уюмунун колдоосу менен медициналык жардамдардын сапатын жакшыртуу маселесин конференцияда талкуулаганы жатыптырсыздар. Кыргызстандагы медициналык тейлөөдөгү башкы өксүк эмнеде?

- Акыркы эки жылда эң негизги актуалдуу проблема бул кадр маселеси. Кадарлардын жетишпестиги, жер-жерлерде алардын жоктугу, бүгүнкү күндө дарыгерлердин жана орто билимдүү кызматкерлердин башка сферага жана чет мамлекеттерге кетип атканы.

- Сапатка да ушул таасир этип жаткан турбайбы. Мисалы, Оштогу СПИДдин вич-инфекциясын шприц аркылуу жугузуу, албетте, шалаакылык. Ушундайларды болтурбоо үчүн алдын алынган кандай чаралар бар. Мисалы, Гиппократтын анты дейбиз, дарыгерлердин адам өмүрү үчүн жооп берүүгө милдеткер деп айтабыз. Ошолордун бардыгына карабай азыр жоопкерчиликсиз мамиле көп болуп жаткандыгы факт болуп атпайбы?

- Ноокат, Ошко байланыштырбай эле айтсам, негизинен сапат болуш үчүн биринчиден медициналык кадрлар керек. Экинчиден, ошол жерде материалдык-техникалык база болуш керек. Үчүнчүдөн, оорулууга берилүүчү дары-дармектер болуш керек. Төртүнчүдөн, жаңы медициналык ыкмаларды, жаңы диагностиканы тез жана арзан баада киргизүү сапаттын негизги базасы болуп эсептелет. Ноокаттагы, Оштогу СПИДдин жугузулушу боюнча бул жерде бир жолу колдонулуучу шприц, катеторлордун жоктугу болду. Медициналык кызматкерлердин дагы ушул инструкцияны сактабагандыгы болду.

- Бүгүн конференция негизинен аккредитациялоо комиссиясынын он жылдыгына арналып аткан экен. Бул комиссиянын милдети эмне, эмне иш аткарат?

- Бул комиссиянын негизги милдети - бул сапатты текшерүү, лицензия уруксат берилген мекеменин деңгээлин текшерүү болуп эсептелет. Мисалы 2-3-5-жылга жогорку, биринчи, экинчи категория деп берилгенге барабар.

- Комиссияны ким түзөт?

- Медициналык-аккредитациялык комиссия бул Cаламаттыкты сактоо министрлигинин алдында эл аралык уюмдар аркылуу каржыланат. Көз карандысыз уюм катары эсептелинет. Себеби аккредитациядан өтүүчү бүт ооруканалардын учредители Саламаттык сактоо министрлиги болсо, алардын өзүнүн мекемелерин кайсы деңгээлге туура келет деп караганы туура эмес болуп калат. Ошондуктан көз каранды эмес уюм түзүлүп туруп, алар баа бериш керек.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG