Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:41

МАЙМЫЛ ЭКИ ЖАШАР БАЛАЧАЛЫК ДА БОЛО АЛБАЙТ


Кичинекей балдар маймылдан акылдуу. Бул тезис илгертен эле айтылып келатат, бирок анын эмне үчүн чындыкка төп экенин окумуштуулар жакында эле аныкташты. Илим жаңылыктарында биз ушул жөнүндө сөз кылабыз.

Кичинекей балдар маймылга караганда акылдуураак экенин буга чейин окумуштуулар негизинен адам баласынын мээсинин көлөмү маймылдыкынан үч эсеге чоңураак экени менен түшүндүрүп келишкен.Анын үстүнө адам баласы коомдо жашагандыктан, тырмактайынан тартып айланадагылардын тилин үйрөнүп, жалпы эле жүрүм-турумун туурап, маданиятын сиңирип алат. Бирок бул теория практикалык жактан тастыкталган эмес болучу.
Бул кенемтени толтуру үчүн Германиялык окумуштуулар кызыктуу тажрыйбаларды жүргүзүп, алдыда айтылган теориянын туура экенин иш жүзүндө далилдешти. Германиянын Лейпциг шаарындагы Макс Планк атындагы "Эволюциялык Антропология" институнун окумуштуулары эки жарым жашка чыккан 105 наристе жана 106 шимпанзе менен 32 орангутанг маймылдары менен тажрыйба жүргүзүшкөн. Балдарды институттун өзүндө ал эми маймылдарды Конгодо, Угандада жана Индияда тажрыйбадан өткөрүшкөн.

Белгилей кетүүчү нерсе, маймылдар 3 жаштан 21 жашка чейинки түрдүү куракта болушкан.Тажрыйба учурунда балдарга жана маймылдарга капкак менен жабылган идишке салынган оюнчуктарды кантип алуу керектигин көрсөтүшкөн. Балдар капкакты көрсөткөдөй кылып ачып, андагы оюнчуктарды алууга жарашкан. Ал эми маймылдар болсо идишти сындырып туруп алууга аракеттенишкен. Бул тажрыйбанын натыйжасында маймылдардын кишини тууроого кудуретүү эмес экени анык болду.

Балдар ишараны маймылга караганда жакшы түшүнүшөт экен. Эки идиштин биринин астына оюнчук катып койуп, аны сөөмөй менен көрсөткөндө бала оюнчук кай жерде экенин илгиртпестен тапкан, ал эми маймылдар бул ишараны түшүнгөн эмес, алар идиштин экөөнү тең аңтарып көрүшкөн.

Бирок аспапты кандайдыр максат менен колдонууда балдар менен маймылдар бирдей, кээде маймылдар жакшыраак жөндөмдү көрсөтүшкөн. Мисалы, бийик жерге койулган тамакты таяк менен түшүрүп, алып жегенде маймылдар балдарга караганда эптүүрөөк жана экенин көрсөтүшкөн. Ушуга окшогон башка тажрыйбаларда маймылдар балдарга караганда жөндөмдүүрөөк болуп чыгышкан.

Бирок окумуштуулар балдар чоң балдар менен кишилерди туурап атып эле мындай кемчиликти бат эле жоюп кетеерин, анткени адамда бирөөнү тууроо жөндөмү жакшы өнүккөн дешет. Баланын өнүгүүсүнө анын социалдык чөйрөсү эбегейсиң зор салым кошот. Чөйрө болбосо адам баласы да маймылдын дэңгээлине түшүп калат. Буга дүйнөдө Маугли жомогундагыга окшогон сандаган окуялар мисал.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG