Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

ЖАЛГАН СҮЙЛӨГӨНДӨ ОРОЗО ОРДУНАН ЧЫКПАЙТ


Ошентип ыйык рамазан айынын алгачкы күндөрү да келди. Рамазан айынын өзгөчөлүгү, орозонун маани-маңызы, кармоо шарттары, адамдын ден-соолугуна таасири туурасында кабарчыбыз Кожогелди Култегин сөз кылат.

Белгилүү мусулман дин ишмери, Бишкектеги ислам университетинин ректору Абдышүкүр-ажы Нарматовдун чечмелөөсүндө, “рамазан” деген сөз араб тилинде беш тамгадан турат жана анын ар бири ушул айдын артыкчылыгын каңкуулап турат. Башкача айтканда, аллахтан рахматы келген ай экендигин, аллах күнөөлөрдү кечире турган ай экендигин, бейишке кепилдик болгон ай экендигин, тозоктон аман калтыруучу ай экендигин, аллахтан нур түшкөн ай экендигин (нур деген – курани-карим) ырастайт.

Абдышүкүр-ажы Нарматов андан кийин рамазан айынын, ыйык орозонун тарбия-таалимине токтолду:

-Эй, пенде, сен напсиңдин, сен каалооңдун ,сен кумардын кулу эмессиң. Сен кудайдын кулусуң. Рамазан айына келгенде көзүңдү да, оозуңду да, тилиңди да, кулагыңды да ар бир жаман нерседен тыйгын дейт. Пайгамбар бир хадисинде кимде-ким орозо кармаса, бирок ошо кезде да жалган сүйлөгөнүн таштабаса, тилденгенин, каргаганын таштабаса – анын орозосу орозо болбой калат дейт.

Ал эми Бишкек шаардык борбордук мечиттин имам-хатиби Молдо-Шакир Маматов мусулмандык беш парздын бири - орозонун тапшырма-талабы жана мааниси жөнүндө сөз кылды. Анын айтуусунда, күн батканга чейин жеш-ичишти жана аял менен жакындыкка барууну токтотуу – парз. Завод-фабриканы бир жылда бир тазалашкандай, орозодо адам баласы да ичтейин, рух дүйнөсүн тазалап алат, жеңилдейт.

Молдо-Шакир Маматов орозо убактарда жамандык-жакшылыктарды өткөрүү тартибине да өзгөчө маани берүү зарыл деп эсептейт. Эң негизгиси, той болобу, куран окутулабы, күндүз адамдарга тамак-аш бербеш керек. Берсе, сунса – чоң күнөө. Мусулмандар орозо кармаганда ал тургай кайырдиндер да тамак-ашын алардан жашырып жеген учурлар болуп келет. Ооз ачар деген керемет убак бар. Ошондо элге тамак берсе эки эсе сооп табат. Биринчиси, иптарлык бергендиги үчүн, экинчиси, ошол убакта куран окутулса – сообу өтө чоң. Ал эми иптарлык берүү ар бир мусулман үчүн милдет. Кой сойбой, бир курма менен кимдир-бирөөнүн оозун ачырса да – тилегенин кудай берет.

Отуз күн орозо кармаш, маселен, азыркы убакта ар күнү 14-15 сааттын айланасында ачка жүрүш ден-соолукка кандай таасир этиши мүмкүн деген суроо менен дарыгер Нарынбек Айткулуевге кайрылдык. Ал өнөкөт оорулары жок, дени сак адамдарга орозо зыян болбостугун, ал тургай зат алмашуу жараянында уу заттардан арылышы да толук ыктымал экендигин баяндады. Дарыгердин айтымында, бирок өнөкөт ооруларды орозо козгошу, ал турсун күчөтүшү мүмкүн.

12-сентябрь күнү башталган орозо 11- октябрдын кечинде соңуна чыгат.
XS
SM
MD
LG