Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:31

МУГАЛИМ МЕНЕН ДОКТУРДУН КӨРГӨН КҮНҮ КУРУСУН ...


Борбор Азия жумуррияттарында бюджеттик тармактагы кызматкерлердин айлыгы көтөрүлүп келатканына карабай, калктын бул катмары эң аз кирешелүү болуп кала берүүдө. Бул квалифиякациялуу кадрлардын чет өлкөлөргө кетүүсүнө, ал эми мекенинде калгандарды болсо башка жумуш издөөгө мажбур кылууда. Бюджеттик кызматкерлердин бир бөлүгү болсо пара алуу менен жан сакташат.

Өзүн Зиядулла Раззоков деп тааныштырган өзбекстандык мугалим айына алган 80 доллар чамасындагы маянасы суу май, ун, жашылча сыяктуу эң керектүү азык-түлүк менен эң зарыл кийим кечеге жетеерин, башка буйумдарды сатып алууга үй бүлөнүн чамасы келе албасын баяндады:

-Балдарым студент, аларга кийим-кече, окуусуна китеп-кагаз керек, бирок мунун баарын биз алып бере албайбыз. Каалаган кийимдерибизди сатып алууга акчабыз жетпейт.

Мындай оор жагдайда мунайга бай Казакстандан башка баардык жумурияттардын бюджетчи -кызматкерлери өмүр кечирип жатышат.
Тажикстанда орточо айлык акы кеминде 35 долларды, ал эми Кыргызстанда, акыркы маалыматтар боюнча ,100 долларды түздү. Эмки айдан баштап бюджеттик кызматкерлердин айлык акысы Тажикстанда 50 процентке, ал эми Түркмөнстанда 40 процентке жогорулатылат.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов болсо эгемендик салтанатында сүйлөгөн сөзүндө 2006-жылы орточо айлык акы өлкөдө 150 долларга жеткенин жана келерки үч жылдын ичинде дагы 2,5 эсеге жогорулатыла турганын айтып кубандырды.

Бул жерден өзбек президентинин бул айтканы реалдуу чындыкка төп келе бербесин белгилей кетели. Өзбекстандык журналисттердин фактыларга таянган иликтөөлөрү орточо айлык маяна Өзбекстанда иш жүзүндө 60-80 долларды түзөөрүн көрсөттүүдө.

Айлык акнынын жогорулашы албетте кубандырарлык нерсе бирок катардагы жарандар айлык акы канчалык көбөйтүлбөсүн, турмуштары оңолооруна көзү жетпейт, анткени азык-түлүк менен тейлөөнүн тынымсыз кымбаттоосунун айынан капчык баары бир бөксөрүүнүн үстүндө. Анысы аз келгенсип бюджеттик кызматкерлердин маяналары айларга кечиктирилген учурлар да аз эмес.

Жан сактоонун айласынан көптөгөн мугалимдер менен доктурлар кошумча жумуш иштеп, акча тапканга аракеттенишет, мал-сал жана бак- шагы менен жан сактагандар көп.

-Акча жетпейт, ошон үчүн эл бак-шагындагы мөмө-жемишти сатып жан сактайт,- дейт бир түркмөн аял.

Өкмөттөн алган айлыгына жан сактай албаган доктурлар менен мугалимдер пара алууга мажбур, мугалим -экзамендер менен зачеттор, аттестаттагы жана чейректеги баалар үчүн , доктур болсо жасаган операциясы менен дарылаганы үчүн акча алат. Көпчүлүктү Борбор Азия элдерине мүнөздүү менталитет жана боорукердик жан сактатат. Колунда бар тууган, колунда жогуна,балдар ата- энеге, ата- эне балдарына каралашып турушат.

-Өмүр бою доктур болуп иштедим, бирок алган 25 доллар пенсиям квартирамдын төлөмдөрүнө эле кетет. Балдарым болбосо,анан кичине минтип кошумча иштебесем, такыр эле жан сактай алмак эмесмин - дейт Бишкекте соода кылып отурган Мериме деген улгайган аял.

Баян Жумакадыр кызы, Прага
XS
SM
MD
LG