Ал конституциялык реформа менен ишке ашат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов билдирди. Ал өлкөдө экономикалык өсүш бар деген маалыматтарды сынга алып, өсүш Россияда, Казакстанда, Кытайда, бизде кайдагы өсүш деп белгиледи. Байболов ошондой эле Кыргызстандын бюджети өтө ченелүү экенин эске алып, кайсы бир тармакка кошумча акча бөлүү тууралуу сунуштар маанисиз деген оюн айтты. (AiT)