Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

КЫРГЫЗСТАНДЫ УРАН КӨРҮСТӨНҮНӨ АЙЛАНТПАГЫЛА!


«Де-Факто» гезити Кыргыз эл баатыры Турдакун Усубалиев аксакалдын «Кыргызстандагы уран кенин казып алуу иштерин кайрадан жандандырууга аркет кылып жаткан мамлекеттик атка минерлердин акылсыз жоруктарын токтоткула!» деген ат менен көлөмдүү макала жарыялады. Усубалиев аксакал макаласында радиоактивдүү уран кенин казып алууну жана кайра иштетүүнү калыбына келтирүү аракети Кыргызстан үчүн өлүмгө тете оор кесепеттерди алып келиши мүмкүн экендигин эскертип, өзүнүн бай тажрыйбасына таянуу менен Кыргызстандын аймагындагы уран кендеринин тарыхы тууралуу кең-кесири кеп кылган.

«Де-Факто» ошону менен бирге эле окурмандарынын өтүнүчтөрүн эске алуу менен Аксы окуясына байланыштуу мурдагы президент А.Акаевдин айткан сөздөрүн кайрадан жарыялап жаткандыгын эскерткен. Макала «Тилекке каршы Бакиев «по усмирению Аксы» деген токтом кабыл алып койгон» деген ат менен жарык көрдү. Гезит мындан тышкары академик А.Эркебаевдин борборду түштүккө көчүрөбүз дегендер куру кыялга батып жатат, андан көрө өлкөдөгү азыркы абалды оңдоп алса жакшы болот эле деген оюн, «Текебаевдин камактагы иниси», Аксыдагы кан төгүүдө Т.Акматалиевдин орду, Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчилери, Айдар Акаев жана Ысык-Көлдөгү «Гүлкайыр» пансионаты жөнүндө маалыматтарды жарыялады.

Эчкимди коркутуп-үркүткүбүз келбейт, бирок өлкөдөгү абал чындап эле кыйындай баштады. 2005-жылы элди көчөгө алып чыккан проблемалар дагы эле чечилбеген бойдон кала берүүдө, сыягы Акаевдан кийин келген атка минерлердин деле бул маселелерди чечүүгө кудурет-күчү жетпей калды көрүнөт деп жазды «Лица» гезити «Жалалабаддык жер басып алуучулардын көз жашы» деген рубриканын алдындагы макаласында.
Анда Жалал Абад шаарынын Мэри Мамасалиев менен шаар кеңешинин төрагасы Мамажанов тууралуу, баш калканч таппай азап тарткандар жөнүндө баяндалат.

Ушул эле гезит «Кыргызстандын жашылдар саясый партиясынын» төрагасы, күч органдары тарабынан кармалып, күнөөлөнүп аткан Эркин Булекбаевдин бидирүүсүнө орун берген. «Мындан ары кандай жашашыбыз керек?» деп суроо койгон партия лидери алдыда үч жол турганын, биринчиси баарына баш ийип кулдукта жашап өтүү, экинчиси-келечексиз өлкө катары башка жактан бакыт издеп биротоло көчүп кетүү, үчүнчүсү-эң эле кыйын жана опурталдуу жолу, адилеттик жана теңдик үчүн күрөшүү жолу экендигин айтуу менен кыргызстандыктарга кайрылып, Кыргыз Архипелаг Гулагынын бандиттик зонасын бузуп жок кылуу үчүн тилектештерин баш кошуп күрөшө турган үчүнчү жолду тандап алуу керектигин, бул жол менен Акаевдин үйбүлөлүк подряды болгон «айдарчыларга», «майрамчыларга», «аскарчыларга», «берметчилерге» каршы күрөшүп келишкенин, бүгүн «бакиевчилерден», «курманбековчулардан», «максимчилерден», «жанышчылардан», «адылчылардан» арылуу үчүн күрөшүүгө чакырарын билдирген.

Басылмалардын катарын кайрадан толуктаган «Апта» гезити жаңы санында депутат Камчыбек Ташиев өкмөттүн пенсия, пособие, айлыкты көтөрүп, бүгүнкү кыйынчылыктан чыгабыз деп жатканы туура эмес саясат экенин, анткени өкмөт акчаны болгону 10 пайызга гана көтөрөрүн, анысы 700 сом пенсия алгандарга 70 сом кошулат дегенди бидирерин, ал эми бир мүшөк ундун баасы 500 сомдон 1000 сомго чейинн кымбаттаганын, ошон үчүн Атамбаев башында турган өкмөт кетсе, ордуна иш билги кадрлар келеби деп үмүттөнөрүн, депутат Каныбек Иманалиевдин Конституциялык реформа чечилмейин Кыргызстанда туруктуулук орнобостугун айткандарын кабарлады.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG