Футбол боюнча дүйнөдөгү эң популярдуу мелдештердин бири болгон УЕФАнын чемпиондор лигасы УТРКдан түз эфир аркылуу көрсөтүлмөкчү. Чемпионат 18-сентябрда башталып, финалдык мелдеш 2008-жылдын май айында өтөт. Бул тууралуу УТРКнын Жарнама-коммерциялык агенттигинин директору Бакыт Аманбаев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, мындай иш-аракет телеканалды реформалоо, анын кадыр-баркын жогорулатуу жана көптөгөн футбол күйөрмандарына белек тартуулоо максатында жасалды. Ошондой эле ал мелдешти алып берүгө кеткен каражаттар рекламанын жана демөөрчүлөрдүн эсебинен жабыларын айтып, ага канча каражат кетери коммерциялык сыр деп түшүндүрдү. «Биз УТРКны реформалоонун экинчи баскычына келип калдык. Биринчи баскычы жалпы кызматкерлерге мыкты шарттарды түзүп-берүү, техникалык базаны чыңдоо болчу. Ал аткарылып бүтүп калды, эми берүүлөрүбүздү эл аралык стандарттарга теңөө аракеттерин көрөбүз»,- дейт Б.Аманбаев.