Тышкы иштер министр Бишкекке иш сапары менен келген Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуп, аталган уюм менен Кыргызстандын кызматташуу багыттарын талкуулады. Карабаев ЕККУнун Кыргызстандагы тартип коргоо мекемелерин жана абак системасын реформалоо жаатындагы шмердүүлүгүн жогору деп баалады. ЕККУнун элчилери өз кезегинде социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө уюм Кыргызстанга жардам көрсөтүүнү улантаарын билдиришти.