Буудай менен ундун наркы эми арзандабай турганын уккан көлдүктөр мындан 10-12 жыл мурда үлүшкө алган жерлерин издештиргенде көбүнүн дайыны жок болуп чыкты. Анткени көл жээкке жакын турган айылдар эса луучуларды тейлөөгө басым коюп, кийинки жылдары жер айдоого көңүл бөлбөй калган эле. Ал эми Абдрахманов айыл өкмөтүндөгү калкка жайыт жерлерин адилет бөлүштүрүү үчүн Бишкектеги жайыт боюнча башкармалыктын башкы директору Абдымалик Эгембердиев менен юрист Эмиль Кыдыкманов расмий чакырылганын мурдагы айыл чарба адиси Эргеш Мамбетов маалымдады. Жергиликтүү талдоочулар Ысыккөлдө эми жер маселеси мурдагыдан дагы курчуй тургандыгын белгилешүүдө. (RB)