Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 22:05

ДИН, ӨНҮГҮҮ, ТАЛАШ, ТАЛКУУ


Пол Маршал – Вашингтондогу Хадсон институтунун диний ишеним эркиндиги борборунун улук эксперти. “Радикал ислам эрежелери”, “Кудай жана Конституция” аттуу жана диний эркиндик идеяларына арналган бир катар китептердин автору. Ал ушул аптада “Азаттыктын” Прагадагы башкеңсесинде “Пресса жана диний эркиндик” деген темада талкуу өткөрдү. Эксперт Маршал менен кабарчыбыз Венера Сагындык кызы Борбор Азиядагы диний кырдаал тууралуу маектешкен.

-Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанда радикал ислам көрүнүшү пайда болуп, акырындап жайылып бараткандай. Ушундай кырдаалда биз журналисттер татаал дилеммага туш болот экенбиз. Анткени коомдун радикалдашкан бөлүгү да биздин программаларды угуп, алардан бир прогрессивдүү, алдыга сүрөй турган идеялар алса деп аракеттенебиз. Ошол ойго жетүүнүн жолдору кандай деп ойлойсуз?

- Бул татаал маселе. Радикал ислам – көпчүлүк журналисттердин көз карашына дал келбеген көрүнүш эмеспи. Ошол эле маалда радикал исламдык көз караштагы кишилерди дин тууралуу талкуу уюштуруп тартса болот. Марокко, Иордания, Индонезия, же Түркия сыяктуу ислам дини жакшы изилденген өлкөлөрдөн баястуу, алдыңкы көз караштагы мусулман аалымдарды ошол радикал көз караштагы динчилдер менен пикир алыштырып, ислам жана эркиндик, ислам жана демократия, аялдардын укуктары өңдүү маселелердин тегерегинде талкуу уюштурса абдан пайдалуу болмок. Албетте, радикал исламды колдогондор берки алдыңкы аалымдардын айтканын колдобой четке кагышы мүмкүн, ошентсе да беркилердин айтканын угуп, бир аз кызыгуу пайда болсо да чоң жетишкендик. Радикал көз караштагылар жок дегенде алардыкынан башкача пикир бар экенин, дүйнөдө ар түрдүү багытта ойлонгондор, исламды башкача түшүнүп талдагандар бар экенин билгени дурус.

- Ушул Борбор Азиядагы радикал исламдын колдоочуларынын көбү чет өлкөлөрдө, айталы Сауд Арабияда экени маалым. Атайын кызматтардын айтымында, Сауд Арапстандык булактар биздеги мусулмандарды колдоо ишине көп салым кошуп келатат. Ошол эле маалда Сауд Арапстан АКШга өнөктөш өлкө эсептелет. Вашингтон ушундай өнөктөштөр менен кызматташып, ошол эле маалда дүйнөдөгү радикал ислам кыймылына бөгөт коюу аракетин кантип бирдей жүргүзө алат?

- Менимче, Вашингтон, же АКШ өкмөтү бул маселеде абдан кыйын эле абалда. Ага ойдогудай мамиле кылган жок. Сауд Арапстан Кыргызстанда гана эмес, дагы башка көптөгөн өлкөлөрдө радикал исламдын жайылышын колдоп келатканы маалым. Айталы, Нигерия, Индонезияда, деги бүткүл дүйнөдө бул жагынан аракети күч. Бирок Сауд Арапстан АКШ үчүн мунайдын башкы булагы жана мисалы, Иранга каршы аскерий өнөктөш өлкө. Ошондон улам АКШ Сауд Арапстандын дүйнөдөгү радикал исламга кошкон салымына карата абдан эле алсыз саясат жүргүзүүдө. Мисалы, биз Сауд Арапстан Америкага жөнөтүп аткан ислам адабиятынын баарын чогултуп, анализдеп чыгып, алардын көз карашын колдобогондорду жек көрүп, кас тутууга үндөп жатканын Вашингтонго билдиргенбиз. Ошондон кийин АКШ өкмөтү Сауд Арапстандан ислам адабиятын Америкага жөнөтүүнү токтотууну талап кылган. Негизинен Америкада биз кайсыл уюм кандай чет өлкөдөн каражат, же адабият, же башка жардам алып атканы коомчулук үчүн ачык маалымат болушун талап кылабыз. Башка өлкөлөрдө да чек арадан өтүп баратканда эле андай маалымат ачыкталышы керек. Ошондо башка өлкөлөр да Сауд Арапстан, же башка өлкөдөн келип аткан ислам адабиятын текшерип-тескеп, көзөмөлгө алат эле.

- Борбор Азия өлкөлөрү дин эркиндиги жагынан эл аралык уюмдардан сынга кабылып келатат. Конституцияларында ар бир жаран дин эркиндиги укугуна ээ деп жазылганы менен, айрым бир уюмдарды каттоо, ишмердигин жүргүзүүдө чектөө, бут тосуулар болбой койгон жок. Мындай ашепке аракеттер ар түрдүү диний уюмдар тууралуу маалымат жетишсиздигинен да болушу мүмкүн, дагы башка кандай себептерди айтаар элеңиз?

- Бул жерде 3 нерсени белгилей кетсе болот. Биринчиден, силердин чөлкөмдө дин эми жаңы жайылып өсүп баратат. Ошол эле маалда айрыкча мусулмандар арасында радикал, чагымчыл топторго кошулгандар да көбөйүүдө. Ошондуктан өкмөттүн тынчсызданганы жөндүү. Бирок Борбор Азияда бардык өлкөлөр деп айта албайм, куугунтукчул, авторитардык өкмөттөр тарыхы бар. Алар радикал көз караштагы адамдарды гана эмес, жөн гана өзүлөрүнө жакпаган кишилерди да куугунтукка алышат. Бул жерде эң башкысы өкмөттөр – кол салууга үндөгөн жана андайды колдобогон диний топторду так ажырата билиши керек. Христиандар болобу, мусулмандар, же бахаилер, же бутпарастар секталары болобу, тынчтыкты колдоп, коңшуларын жектебесе алар ар дайым эркин болушу керек. Ал эми кол салуулар жолун колдогон топторду өкмөт албетте, токтотушу керек. Кайсыл диний уюм кол салууларга үндөйт, кайсынысы тынч максаттарды көздөйт деген маселени ажыратууда кыйынчылыктар болсо, андай маселелерде тажрыйбасы бар башка өлкөлөрдөн жардам сурап кайрылса эч ким кызматташуудан качпайт деп ишенем.

-Борбор Азиядагы адам укуктары, дин эркиндиги маселелерине келгенде Батыш өлкөлөрү аларга айрым учурларда көз жазгырып, алдыга өзүлөрүнүн экономикалык, энергетикалык кызыкчылыктарын коюшат деген пикирлер да жок эмес. Сиздин оюңуз кандай?

- Менимче, бул көз караш туура болушу мүмкүн. Бирок Батыш өлкөлөрү дегенде 50-60тай өлкөнү айтып атпайбызбы. Алардын көз карашы бири-бирине каршы келген учурлар аз эмес. Мен мисалы Вашингтондо жашап иштейм. Кээде АКШ өкмөтүнүн бир бөлүгү жасап аткан иш экинчи бөлүгүнүн аракетине карама-каршы, ырааттуу болбой чыгат. Ошондуктан экономикалык кызыкчылыктар башкаларга үстөмдүк кылып кетет деп сиздин айтканыңыз туура болушу толук мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG