Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:32

ДОЛЛАР АРЗАНДООДО, КАНЧАГА БАРЫП ТОКТООРУ БЕЛГИСИЗ


Акыркы эки күндөн бери эл аралык базарда америкалык доллардын еврого карата курсу кайрадан рекорддук чекке төмөндөдү. Адистер доллардын бул жолку арзандоосун АКШ экономикасындагы жагдайга байланышкан кооптонуулардан көрүүдө.

АКШ долларынын еврого карата курсунун төмөндөөсү албетте бүгүн эле чыга калган жаңылык эмес. Жаңылыгы ал улам бир төмөнкү чекти багындырып жатканы. Маселен, ушул бейшемби күнү бир евро бир доллар 39 центке бааланды. Ал эми Британиянын бир фунту азыр эки доллардан ашып кеткен учур.

Доллардын соңку нарксыздануусу АКШнын турак –жай базарындагы кризиске, ипотекалык кредиттер боюнча дефолтко байланыштырылып жаткан эле. Бирок турак-жай базарындагы терс көрүнүштөрдүн экономикага тийгизген таасири азыр кеңейип жаткандай. Август айынын маалыматтары америкалык ишкерлер жумушчу орундарынын санын кыскартканын көргөздү. Бул мурда күтүлгөн эмес эле. Лондондогу BNP Paribas банкынын аналитиги Ян Стэннард жумушчу орундарынын кыскарышы АКШ экономикасынын саламаттыгынын көрсөткүчү экенин айтат:

-Бул өтө маанилүү нерсе жана АКШ экономикасы төмөндөй баштаганынын реалдуу белгисин көргөзүүдө. АКШнын каржы министри Генри Полсон азыркы кризиз рынок күткөндөгүдөн узакка созуларын ишара кылды. Ушунун баары рыноктогу кыймылдан көрүнүүдө. Инвесторлор азыркы көйгөй алгач күтүлгөндөн узак созуларына кооптонгондон улам рыноктогу маанай долларга каршы боло баштады. Демек биз доллар дагы нарксызданарын күтсөк болот.

Жогорудагыларга кошумча күтүлүп жаткан дагы бир нерсе – АКШда Улуттук банк катары эсептелген Федералдык резерв системасы үстөк пайыздын өлчөмүн төмөндөтөрү. Федералдык резерв системасынын кезектеги отуруму 18 сентябрга белгиленген. Адистер Федералдык резерв системасы мындай кадамга ипотекалык кредиттер боюнча чыккан кризистен улам бизнестин жана керектөөчүлөрдүн кредит алышын жеңилдетүү максатында барарын белгилешүүдө. Бирок, мындай чара да өз кезегинде доллардын арзандоосуна салым кошмокчу. Лондондогу BNP Paribas банкынын аналитиги Ян Стэннард мындай дейт:

-Биз балким 1.40тын чегинен кийин тыныгууну көрөбүз, бул жылдын соңуна евро доллардын курсун 1.43кө чейин алып барат.

Айтор аналитиктер азырынча доллар дагы канчага чейин төмөндөөрүн же качан канчага көтөрүлөөрүн айтуудан карманышууда. Бирок келечек деле өтө мыкты эмес. Маселен, Лондондогу Capital Economics борборунун аналитиги Саймон Хэйлэй АКШнын соода балансындагы ири тартыштык доллардын наркын болжолдоодогу башкы проблема деп эсептейт:

-Алыскы келечекти алганда, биз бул жерде бир нече жыл жөнүндө сөз кылып жатабыз, сиз доллар сезилээрлик деңгээлге, балким 1.20га жетип токтойт деп күтө аласыз.

Бирок, адис кошумчалагандай, мунун ишке ашышы АКШнын соода балансындагы азыркы тартыштык азайды, жалпы экономикалык көрсөткүчтөрү оңолду дегенди туюндурат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG