Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

14-СЕНТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1633-жылдын 14-сентябрында энесайлык кыргыздардын Алтысардык беги Бектен Кузнецк уезддинде орун алган орус кыштагына чапкын жасады. Атаке баатырдын тапшырмасы менен Россия мамлекетинин борборуна барган кыргыз элчилери 1788-жылдын 14-сентябрында Санкт-Петербург шаарынан чыгышкан.

Энесайлык кыргыздардын Алтысардык беги Бектен 1633-жылдын 14-сентябрында Кузнецк уезддинде орун алган орус кыштагына чапкын жасады. Орус архивдик материалдарында Бектен арбын аскер алып, кыштактарды талкалап, мында болгон жылкыларды айдап, бышып жетилген буудайды өрттөп кеткен. Мындан тышкары, Бектен Кузнецк Алатоосунда орун алган кыргыздарга караштуу кыштымдардын чарбасына да зор зыян келтирип бүлүндүргөн. Анын себеби, балким кыштымдардын орус бийлигине моюн сунуп, салык төлөшүнөн улам болсо керек.

Бектендин чапкынына жооп иретинде Томь воеводасы башында А. Прособецкий турган аскер жабдып, кыргыздарга каршы аттандырган.

Атаке баатырдын тапшырмасы боюнча Россия мамлекетинин борборуна барган кыргыз элчилери Абдрахман Кучаков менен «накта кыргыз өкүлү» Шергазылар 1788-жылдын 14-сентябрында Санкт-Петербург шаарынан чыгышкан. Атаке баатырдын элчилери Екатерина II кабыл алуусунда болушуп, алар кайра императрицанын Атаке баатырга жолдонгон катын алышкан. Анык жашыруун кеѕешчи А. А. Вяземскийдин буйругу менен аларды поручик И. Сипайлов коштоп, элчилерге татыктуу сый-урмат көрсөтүлгөн. Абдрахман элчиге 100 рубль, Шергазыга 25 рубль акча берилип, Атаке баатырга деп 800 рубль күмүш акча жөнөтүлгөн.

1916-жылкы көтөрүлүш айынан Кытайга качкан Атаке болуштугунун миң чамалуу түтүн кыргызы жергиликтүү кытай бийлик өкүлдөрүнөн мында калууга уруксат алып, Бедел капчыгайынын ортосунан орун алышкан. Алар отун-суу алып, жакындап келаткан кыш камылгасын көрүп мал асыраш үчүн Бедел капчыгайынын оозуна жайгашуу аракети аз жерден кытай аскерлери менен кагылыш чыгара жаздап, алар күчкө салып капчыгайдын оозунан орун алышкан.

Шаардыктардын сүймөнчүк гезитине айланган «Вечерняя газета» 1959-жылдын бу күндөрү басмадан алынып салынды. Кийин белгилүү болгондой Фрунзе шаардык коммунисттик партия комитетинин органы эсептелген гезиттин токтотулушу КПСС Борбордук комитетинин жашыруун чечимине ылайык жасалган. Партия жетекчилиги шаардык гезиттин жабылышын, «Вечерняя газета» өзүн-өзү актабайт деп түшүндүргөн.

Бу күнү, 1760-жылы италиялык композитор Луиджи Керубини, немец табият таанычусу Александр фон Гумбольт, 1891-жылы орус математиги Иван Виноградов, 1902-жылы атактуу совет конструктору, «Ка» сериясындагы вертолетторду чыгарган Николай Камов жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG