Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:23

Д.САДЫРБАЕВ: АКСЫ КАРГАШАСЫ ЭҢ МЫКААЧЫ САЯСИЙ КЫЛМЫШ БОЛГОН


Бүгүн Жогорку Кеңеште депутат Дооронбек Садырбаев депутат Султан Урманаевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган башкы прокурордун өтүнүчү боюнча депутаттык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Садырбаев 2002-жылы Аксыда эң оор саясий кылмыш жасалганын, ошол кездеги премьер-министр Курманбек Бакиев «Буран», «Тайфун» операциялары менен Боспиектеги мыкаачылыкты мыйзамдаштырууга барганын белгиледи. Ал Аксыдагы ок атуу боюнча мурунку жооптуу жетекчилердин, жалпысынан кырк бир адамдын үстүнөн кылмыш ишин козгоону жана экс-президент Аскар Акаев, азыркы президент Курманбек Бакиев, Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмоновдон кол тийбестикти алып, ишин кароону эл аралык сотко өткөрүп берүүнү сунуштады.

Депутат Дооронбек Садырбаев өз сөзүндө 2002-жылы Аксыдагы кандуу окуяны мамлекет өз элине жасаган эң оор саясий кылмыш деп атады.

-2002-жылдын 17-19-мартындагы Аксы каргашасы, өзүнүн укгун пайдаланып тынч митингке чыгуу үчүн каруу жараксыз келаткан карапайым калкка каршы өз мамлекетинин ырайымсыздык менен жасаган эң мыкаачы саясий кылмышы болгонун зор жоопкерчилик менен кайра-кайра кайталап айта аламын.

Садырбаев Аксы окуясына байланыштырып укук коргоо органдарынын, сот бийлигинин мыйзамсыз иш аракеттерин катуу сынга алды. Ал ошондой эле Аксыда милициянын огунан курман болгон жигиттердин кандай шартта каза болгонун эскерип, Элдияр Үмөталиев, Медетбек Бекмуратов 19-мартта милиция кызматкерлеринин токмогунан мерт кеткенин, ага ошол кездеги премьер-министр Курманбек Бакиевдин «Тайфун» операциясы себеп болгонун белгиледи.

- Өзүңөр байкап тургандай, урматтуу депутаттар, М.Бекмуратов менен Э. Үмөталиевдин ажалынан мурда окко учушу, Премьер-министр К.С.Бакиев «Тайфун» жана «Буран» операцияларын аракетке киргизген токтомго кол коюп, Жалал-Абад облусунун укук коргоо органдарынын оперативдүү штабынын жетекчилигине генерал К.Садиевди дайындап, ага облустук жана райондордун мамлекеттик администрацияларынын жетекчилерин түздөн түз баш ийдирип, анын айтканын айткандай так аткарууга милдеттендирген чечим чыгарып, ал иш-аракетте Кыргыз Республикасынын мыйзамдары так сакталышын көзмөлдөө үчүн генералдык прокурордун орун басары К.Абдиевди Аксыга жөнөткөндөн кийин болуп атпайбы…

Дооронбек Садырбаев докладынын жыйынтыгында Аксы районундагы куралсыз келаткан калкка ок атуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоону Башкы прокурорго сунуштады. Жалган маалыматтарды таратуу менен карапайым калкты тескери багытка азгырып, тараптарды кагыштырууга алып барган негизги идеолог болгон мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовду, Ички иштер министрлигинин мурдагы жетекчиси Темирбек Акматалиевди, президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Аманбек Карыпкуловду, коопсуздук кеңешинин ошол кездеги катчысы Мисир Ашыркуловду, Болот Жанузаковду жана башка жооптуу кызматкерлердин атын атап жоопко тартууну айтты.

Ал ошондой эле Аксы окуясы тууралуу жалган маалымат берген КТРдын сегиз журналистине, кан төгүүгө жол берген Жалалабад облустук жана Аксы райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн ошол кездеги жетекчилерин жана орун басарларын жоопко тартуу керек деп эсептейт.

Садырбаев тынч митинг өткөрүү жана жүрүш жасоону камсыз кыла алышпагандыгы үчүн мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдардын кол тийбестик укугун алып салып, эл аралык сот уюмдарына берүү керек деген сунушун айтты.

- Кыргыз Республикасынын Конституциясына жазылган, жарандардын жашоо укугун, тынч митинг өткөрүп жүрүш жасоо, эркин жүрүү жана башка укуктарын камсыз кыла алышпагандыктары үчүн мамлекеттик жогорку кызматтарды ээлеп турган азыр кол тийбестик иммунитети бар төмөнкү жетекчилерди мындан ары кылмыш жоопкерчилигине тартууга аларды кол тийбестик иммунитеттен ажыратуу маселеси Жогорку Кеңештин пленардык заседаниесинде добушка коюлсун: Кол тийбестик иммунитети алынып салынсын; а) Кыргыз Республикасынын экс-президенти Аскар Акаевич Акаевден; б) Кыргыз Республикасынын азыркы Президенти Курманбек Салиевич Бакиевден; в) Азыркы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасы Курманбек Эргешович Осмоновдон. Жогоруда аты аталган адамдардын бардыгынын тизмеси юридикалык нормалардын так сакталышы менен эл аралык сот уюмдарына өткөрүлүп берүүгө даярдалсын.

Докладдын соңунда Аксы окуясына байланыштуу жарым сааттык видеотасма көрсөтүлдү. Анда 2002-жылы май айында өткөрүлгөн Коопсуздук кеңештин жыйынында ошол кездеги премьер-министр Курманбек Бакиев Аксы окуясына күнөөсү бар экенин, жоопкерчиликти мойнуна алууга даяр экенин айтыптыр.

-Бул жерде менин да күнөөм бар деп эсептейм. Ошондуктан мен толук бойдон жоопкерчиликти тартууга даярмын.

Президенттин кеңешчиси Абибула Абдугапаров Аксы окуясына Курманбек Бакиевди күнөөлөгөн негизсиз деп эсептейт.

-Мурдагы президентке коюлуп жаткан айып жүйөөлүү. Бакиевдин ага тиешеси жок да. Тескерисинче Бакиев Аксылыктарга жардам көрсөтүш керек, Аксылыктарга жардам бериш керек, деп заседание өткөрүп атпайбы. Акаев аттырып коюп жатып алганда.

Ал эми ушул тапта Жогорку Соттун төрагасы кызматын аркалаган Курманбек Осмонов мырза болсо Аксы окуясы маалында парламент депутаты болгонун, өкмөткө вице-премьердик кызматка 2002-жылы май айынын этегинде дайындалганын белгилеп келет.


Дооронбек Садырбаев Башкы прокуратура сураган депутат Султан Урманаевди жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү маселесин жогорудагы иштер аткарылгандан кийин парламентте каралсын деген сунушун айтты.

Депутаттар токтом долбоорун талкуулоону дүйшөмбү күнү уланта турган болушту.

XS
SM
MD
LG