Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:24

ИРАН: ИТ ӨКМӨТТҮН ДОСУ ЭМЕСПИ?


Иранда Исламга каршы дагы бир күч бар экени аныкталды, алар иттер болуп чыкты. Өлкөнүн полициясы Тегеранда "ит түрмө" ачып, ага көчөдө ээси менен бараткан иттерди камап баштады. Бийликтердин ырастоосунда, ит кармоо исламдык эрежеге каршы келет экен.

Иранда жоолугунан чачы көрүнгөн же эрдин боеп жүргөн кыздарды, жеңи кыска көйнөк кийип же кыздарга жанаша баскан балдарды полиция кармап, кээде абакка салат. Эми кезек алардын иттерине келип жеткен сыяктуу.

23-жаштагы Тегерандын тургуну Набафшенин итин жакында Тегеранда 48 саатка камап, күрөө койгондон кийин бошотушкан:

– Полиция мага "коомду Батыштын таасиринен" арылткыбыз келет" деп айтышты. "Сен исламдык өлкөдө жашайсың, ит кармаган туура эмес же мусулман эмессиңби? Ата-энең эмне үчүн сага ит кармоого уруксат берет?" деп беймаза кылышты. "Итиң өлүп калсын" дегенге чейин барышты. Мен итим үчүн коркконумам ыйлап, ыйлап тим болдум.

Ал эми Надиянын ити ветеринар жасаган операциядан көп өтпөй камакка алынган:

– Бир күнү итке асылышат, эртең кылмышты айтышат, андан кийин чымчыктарды кармай башташат болуш керек. Тартип коргоочулар өздөрү буга күлүп атышса керек.

Ал эми өз атын атагысы келбеген Тегерандагы дагы бир ит кармаган бирөө бийликтер иттердин артынан түшкөндөн көрө, өлкөнүн экономикасын көтөрүп, "дагы башка маанилүү маселелерге" көңүл бурса болмок деп айтты.

Айрымдар иттерге аң уулоону өз турмушуна бийликтердин кийлигишүүсү катары баалашууда. Кармалган иттер жаңы түзүлгөн камак жайына жеткирилет. Ирандагы Айбанаттардын укугун коргоо коомунун жетекчиси Доктор Жавид Аледавуддун Фарда Радиосуна билдиришинче, "ит түрмөлөрүндө" шарт өтө начар жана жаныбарларга ылайыгы жок. Ал ошондой эле Куранда айрым молдолор ырастагандай, "ит булганч жандык" деп айтылбаганын белгиледи. Ирандыктар илгертеден эле итти аңчылыкта жана короо кайтарууга колдонушкан, ал эми бүгүн маң заттарын мыйзамсыз ташыгандарга каршы күрөштө пайдаланышат.

Өткөн айда Тегеранда ити жоголуп кеткенин жазган жигит камакка алынган эле. Тегеран полициясынын маалымат катчысы Мехди Ахмединин сөзү боюнча, мындай жарыя ит кармоого үгүттөгөн аракет болуп саналат.

Укук коргоочулардын айтымында, Иранда ит багууга каршы расмий тыюу салынган эмес. Бирок "ит түрмөдө" камалган ондогон иттерди жана аларды кайтарып алсак дегенде эки көзү төрт болгон ээлерин бул факт жооткото албасы анык.

XS
SM
MD
LG