Катардагы Андрей Сычов аскер кызматын өтөп жүргөндө токмок жеп, ошондон кийин кыйла айлар ооруканада кайра-кайра союлуп атып, акыры эки аягынан айрылып араң дегенде жаны калган. Ошол аскер мунжу оңчулдар партиясын туу кылып, армиядагы курч маанай менен күрөшө тургандыгын айтат.
11-сентябрде өзүнүн блогу аркылуу такаткан маалыматында Сычов:
- Эки дөңгөлөктүү арабанын үстүнөн бардык болуп аткандарды сыналгыдан көрүп, алсыздыгыңдан муштумуңу түйүп, ыза-кордукка батып жүрө берсе деле болот. Бирок керт башыңды коргоого алсаң да болот. Ошондуктан мен Мамдумада олтурушум керек. Ал кишиде менин өчүм бар. Мен кек куубайм, мен андан аскерлерди коргойм,- деп жазат.
Аскердик мунжу Сычов «өчүм бар» деген кишиси ал кездеги өлкөнүн коргоо министири Сергей Иванов экенин талдоочулар айтышат.
Челябинскидеги танк айдашты үйрөтчү окуу жайына аскерге чакырылган Андрей Сычов ал бөлүктөгү моюнуна аскерлерди тарбиялоо милдети тагылган сержант Александр Сивяков тараптан тепкиге алынып, анын артынан ордунан эч жакка жылбоо буйругу менен кыйла саатка чөгөлөтүп, бир калыпта какайтып тургузулуп коюлган. Ошол жоруктан кийин Сычовдун аягы кабылдап, анан акыры барып айыкпас дарт гангренага айланып, кийин доктур анын буттарын кесип таштаган.
Эми мунжулукту башынан өткөрө баштаган ошол мурдагы катардагы жоокер, "Оңчулдар Союзу күчү" партиясынын тизмеси менен кайсы бир аймактык думага депутат болуп шайланганы атат.
Кызык жери, Екатеринбургда жашачу аскердик мунжу депутаттыкка өзү зыян тарткан Челябинская обулусунан шайланууну каалап, ал жакка барып талапкердик каттоодон өтүп кел деп ишенген кишисин жиберген. Бирок ал жакта талапкерди тизмеге албай койгон. Ал туурасында «Азаттыктын» кабарчысына Сычовдун эжеси Марина Муферд айтат:
- Биздин юрист Челябинскиге келгенде, ал обулустагы партиянын өкүлү Андрей Никипелов, эмнегедир биздин арызды кабылдоону создуктурган, же атайылап же кокусунанбы, айтор ал биздин юристи ана-мына деп тил эмизип кабылдабай коюп, талапкер каттоодон өтпөй калган,- дейт.
Сырттан көз салуучулар болжолунда аскерден мунжу болгон уландын жолтоо болуучу жааты «Бирдиктүү Орусия», эмне дегенде ал партияны жакындан тартып С.Иванов жетектегени атат дешет.
Мындан бир жыл мурда катардагы жоокерди мунжу болгуча сабаган кенже сержант Сивяковду сот төрт жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бирок Орусияда аскерлер арасында алдуулары алы жокторун сабоо дагеле уланууда.
Баса, орусиялык партиялар арасынан Оңчулдар Союзу күчү армияны тезинен реформалоо кебин үзбөй айтып келаткан партия.