Өкмөттүн бүгүн кабыл алган токтому боюнча социалдык фонд салык комитети баш болгон бардык мамлекеттик мекемелер менен бирдикте социалдык төлөмдөрдүн бюджетке келип түшүүсүнө аракет жасоого тийиш. Мындан тышкары “Кыргыз почтасы” менен чогуу пенсия жана жөлөкпулдардын өз убагында берүүгө жетишүү жана аны көзөмөлгө алууга милдеттүү. Ошондой эле социалдык фондго монополияга каршы күрөшүү жана атаандаштыкты өнүктүрүү агенттиги тарабынан коюлган баа менен мындан ары ишканалардан социалдык төлөмдөрдү буудай, кумшекер түрүндө алууга уруксат берилди. (ZKo)