Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:58

ӨКМӨТ БАШЧЫ ТҮШКӨН МАШИНЕНИ ТАШ МЕНЕН УРДУ ДЕЛГЕНДЕРДИН ҮСТҮНӨН СОТ БОЛБОЙ КАЛДЫ


Ушул жылдын 26-майында Талас районунун Аксай айылында өкмөт башчы Алмаз Атамбаевдин кортежин таш менен урду деген айып коюлган 11 адамдын соту кечээ күнү болбой калды. Себеби бул иш боюнча соттолуп жаткандардан сотко болгону эки гана адам келген. Айыпталып жаткандардын айтымында, сотко атайын чакыртуу кагазы берилген эмес. Ал эми райондук сот мындай көрүнүштү прокурорго шылтап, маалымат берүүдөн баш тартты.

Талас райондук сотко айыпталып жаткандардан болгону эки гана адам келген. Алардын бири укук коргоочу Арзыкан Момунтаева атайын чакыруу кагаз бербестен укук коргоо кызматкерлери бул ишке кайдыгер мамиле жасап жатышканын айтып, нааразы болууда:

- Алдап барып камап койгондой болуп эки саат мурун чакырды. Келсек сот болгон жок, чакыруу кагазы берилген жок,- деген оюн маалымдады укук коргоочу Арзыкан Момунтаева.

Аталган сот негизи күндүзгү саат ондо башталыш керек эле. Талас райондук соттун сот өтүүчү залында Арзыкан Момунтаевадан башка таш менен ургандарды көргөн онго жетпеген облустук, райондук милиция кызматкерлери, адвокат жана талас районунун Аксай айылынын эки тургундары сотту күтүп отурушту. Бир жарым саат өткөндөн кийин гана сот Түгөлбай Куманбетов залга кирип келип, сотко катышуучу прокурор жана айыпталуучулардын көбү келбей калгандыктан сот 25-сентябрга калтырылганын угузуп чыгып кетти.

Түгөлбай Куманбетовго эмне себептен сотко атайын чакыртуу кагазы берилген эмес деген суроо узатканыбызда, бул прокурордун милдети деп жогоруда аталган иш тууралу жаңы таанышып жатканын айтып, маалымат берүүдөн баш тартты. Талас райондук соттун имаратынан чыгып келе жатып сотко кечигип келген дагы бир айыпкер Шерик Жолдашевге жолуктук. Ал дагы чакыруу кагазын албаганын айтып, бул иш акыйкатсыз каралып жатканы тууралу, таш менен урбастан кайра өкмөткө жардам кылганына токтолду:

- Таш ыргытып аткан баланы мен кармап калгам. Ошол бала азыр “Жерүйдө” дагы эле иштеп атыптыр. Бизди таш менен урду деп бизге күнөө коюп атат. Биз өкмөткө жардам кылганыбыз үчүн күнөөлү болуп атабыз.

Ошентип сотко катыша турган прокурорду күтүп отуруп, жолугалган жокпуз. Сотко күбөө катары чакырылган Талас районунун Аксай айылынын тургундары Асыранкулова Секил жана он баланын энеси Жаңыл Садыралиевалар сот аларды күбөө катары эмес, жабырлануучу катары чакырыш керек эле деп айтышууда:

- Биз жабырлануучу болсок, бизди күбөө катары өткөрүп коюптур. Мыйзам чегинде биздин ишибизди караган эч ким жок, - деди Асыранкулова Секил эне.

Өз учурунда алтын кендердин иштешине каршы турган 11 айыпталып жаткандарга эң негизги оор статьялардан укук коргоо жана бийлик өкүлдөрүнө кол салган деген 341 жана массалык башаламандыкты уюштурган деген 233-статьялар коюлууда. Алардын ичинен бир айдан бери облустук милиция кызматкерлери тарабынан укук коргоочу Улукбек Осмонов издөөгө алынган.

XS
SM
MD
LG