Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:09

Ирактагы америкалык аскерлердин саны 2008-жылдын соңуна карата 100 миңге азайышы ыктымал


АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс Ирактагы америкалык аскерлердин санын келерки жылдын соңуна карата 100миңге чейин кыскартууга болот деп үмүттөнөт. Гейтс бул тууралуу кечээ Пентагондогу брифингде айтып, бирок аскерлердин чыгарылышы өлкөдөгү кырдаалга көз каранды экенин кошумчалады. Ирактагы стратегия боюнча АКШ президенти Жорж Буш бейшемби күнү сүйлөгөн эле. Ал келерки жылдын июлуна карата 30 миң аскер чыгарылышы мүмкүн экенин айткан. Азыр Иракта АКШнын 170 миңдей жоокери бар.

XS
SM
MD
LG