Орус президенти Владимир Путин президенттик шайлоого кайрадан 2012-жылы катышарын жокко чыгарбайт. Маалыматтарга караганда, Путин бул тууралуу Сочиде, батыштык кабарчылар жана чет элдик окумуштуулар менен жолуккан учурунда ишара кылган. Ошол жолугуушуга катышкандардын айтымында, келерки жылдын мартында президеттиктен кеткенден кийин да Путин таасирдүү саясий фигура катары калгысы келээрин жашырган эмес. Путин ага катар келерки жылкы шайлоодо президенттикке ат салыша алар беш адам бар экенин, жаңы премьер- министр, 66 жаштагы Виктор Зубковдун да шайлоого катышуусу мүмкүн экенин айткан.