Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Арктиканын түндүк –батыш өткөөлү муздан бошонгон


Арктиканын Антлантика жана Тынч океандарын түз байланыштырган түндүк–батыштагы өткөөлү муздан тазаланган жана кеме катнашын жүргүзүү үчүн азыр толук ачык. Бул тууралуу Европанын космос агенттиги космостон алынган маалыматтарына таянып билдирди. Муздун абалына такай мониторинг жүргүзүлгөн соңку 30 жылдан бери Канаданын түндүгүндөгү муздун катмары мынчалык олуттуу азайганын окумуштуулар биринчи ирээт байкашууда. Европанын Космос агенттиги космостон алган фото маалыматтарга караганда, Арктиканын Орусия аймагындагы түндүк-чыгыш өткөөлүнүн бир бөлүгү гана муз менен тосулган. Бул фактылар глобалдык жылуулуктун ыргагы боюнча кооптонууларды күчөтүүдө.

XS
SM
MD
LG