Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

8:10 ЖКда бүгүн Аксы окуясын иликтеген депутаттык комиссиянын тыянагы боюнча талкуу уланышы мүмкүн


Өткөн жума күнү депутат Дооронбек Садырбаев депутат Султан Урманаевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган башкы прокурордун өтүнүчү боюнча депутаттык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялаган. Анда депутат 2002-жылы Аксыда эң оор саясий кылмыш жасалган деп билдирип, Аксыдагы ок атуу боюнча кылмыш ишин козгоону, мурдагы президент Аскар Акаевден, азыркы президент Курманбек Бакиевден жана Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмоновдон кол тийбестикти алып, ишин кароону эл аралык сотко өткөрүп берүүнү сунуштаган. Депутаттар сунушталган токтом долбоорун талкуулоону бүгүнкүгө калтырышкан эле.(SM)

XS
SM
MD
LG