Мындай пикирлерин депутаттар Мурат Жураев менен Ахматбек Келдибеков Конституциялык Соттун чечимине байланыштырып билдиришти. Ошондой эле депутаттар Конституциялык Сот дагы маалымат бериши керек деп эсептеп жатышат. Ал эми депутат Мурзубраимов мындай сунушту колдогон жок. Анын көз карашында парламент күн тартиби боюнча кетиши керек. Регламент боюнча парламент бүгүн Аксы окуясы боюнча парламенттик комиссиянын отчетун талкууламак. Отчетту комиссия төрагасы Дооронбек Садырбаев жума күнү парламентте жарыялаган. Анда Аксы окуясы боюнча 41 мамлекеттик кызматкерди жоопко тартуу, анын ичинде экс-президент Аскар Акаевди, азыркы президент Курманбек Бакиевди, Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмоновду кол тийбестиктен ажыратып, эл аралык сотко берүү сунушталган. (BuS)