Бул тууралуу эл аралык коалициялык күчтөрдүн командачысы, америкалык генерал Дэн Макнейл билдирди. Генералдын айтымында, автокербенди текшерүу учурунда табылган бул заттар жардыргыч түзүлүштү жасоого пайдаланылышы ыктымал. Генерал ошондой эле бул табылган материалдарды жөнөтүүгө Иран өкмөтүн жоопкер деп эсептебесин кошумчалаган.