Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:40

ФРАНЦУЗ МИНИСТРИ ИРАНГА КАРШЫ СОГУШКА ДАЯР БОЛУУГА ЧАКЫРДЫ


Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер Иран атомдук программасын токтотпосо, арты барып “жамандык” менен бүтөрүн эскертти. “Жамандык” деп министр согушту атады. Ошол эле учурда Кушнер Тегеран менен сүйлөшүүлөрдү акырына чейин улантылуу керектигин да белгиледи.

Жекшемби күнү Франциянын телерадиосундагы интервьюсунда тышкы иштер министри Бернар Кушнер ирандыктар ядролук программасын жайчылык максаттарда өнүктүргөнгө толук укугу бар экенин моюнга алып, бирок алардын жасап жаткан бардык иштери тескери бүтүм жасаганга аргасыз кылып жатканын белгиледи.

Кушнер Ирандан уран байытканын токтотууну талап кылып, болбосо мунун арты айныбай жамандык менен бүтөрүн, дүйнө ушуга даяр болушу керектигин эскертти. “Жамандык” деген эмне экенин такыктаган суроого Кушнер: “Ал-согуш!”, - деп жооп берди. Министр мунун өзү эртең эле согуш башталат деген кеп эместигин, бирок не бар, не жок дегендей мындай пландарды эске ала жүрүүнүн эч кандай эрөөнү жоктугун да тактап-таптап белгилей кетти. Кеп Ирандын атомдук куралга ээ болушун эч ким кабыл алалбай турганы, мындай шартта бүт дүйнөгө реалдуу коркунуч түзүлөрү тууралуу болуп жатат. Кырдаалды буга жеткирбес үчүн Тегеран менен сүйлөшүүлөр акырына чейин улантылышы керек, деп көрсөттү Кушнер.

Иранды өз программасынан баш тарттыруу үчүн Кушнер таасирдүү жана натыйжалуу чаралар керектигин белгиледи. Өкмөт франциялык эң ири компанияларга кайрылып, Иранда инвестициялык долбоорлорду пландаштырбай турууну өтүндү.Мындай сунушту алар түшүнүү менен кабыл алышты, деп айтты министр.

Франция мындан тышкары Иранга каршы Евросоюз да жаңы жазаналарды караштырышын каалайт. “Сүйлөшүүлөр азырынча уланып жаткан кезде биз да келечектеги өз санкцияларыбызды даярдап алууну чечтик, муну немец достор сунуш кылды”, - деп айтты Кушнер. Жаңы санкциялар Ирандын карапайым калкына эмес, банктарга жана бизнесмендерге багышталат, алар үчүн экономика жана финансы чөйрөсүндө катаң чектөөлөр киргизүү жагы каралууда. Мунун баары Улуттар Уюмунун санкцияларын толуктап, Тегеранга жасалган кысымды күчөтүүгө тийиш.

Өткөн айда президент Николя Саркози да Ирандын ядролук сердымагы куралдуу кагылышка алып келиши мүмкүн экенин айтып, бирок кокус окуя ушундай оролго ооп кетсе, анык алаамат болорун да моюнга алган эле.

Париждеги улуттук илим изилдөө борборунун регионалдык эксперти Оливер Рой тышкы иштер министринин жекшемби күнкү сөздөрү Франциянын бу маселеде катуу позицияга өтө баштаганын билдирет дейт. Француз бийликтери экономикалык кысымдар жетишсиз, анчейин натыйжа бербейт, буга аскери күч колдонуу опузасын кошсо, ошондо Иранга жасалган кысым пайда бериши мүмкүн деп ишенишет.

Иран гезиттери дүйшөмбү күнү Франциянын өкмөтүн жабыла сынга алып чыгышты. Мамлекеттик ИРНА агенттиги өзүнүн редакциялык макаласында “Елисей сарайынын (француз президентинин кеңсеси – “Азаттык”) жаңы кожоюндары Ак үйдү туураганга аракет кылып жатышканын” жана бу жагынан “Вашингтондон да аша чаап баратканын” белгиледи.

XS
SM
MD
LG