Дооронбек Садырбаев Аксы алааматына тиешеси бар күнөлүү адамдар жазаланмайын, а кезде бийликтин туу чокусунда отургандардан баштап, элге ок аткан желдеттерге, чындык чыркырап турганда каратып туруп калп айткан журналисттерге чейин кылган күнөөсүнө жараша жаза алынышы керек деп эсептейт. Эл депутаты кесиптеши Султан Урманаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү маселесин иликтеген комиссия бүтүмүн жарыя кылган баянында Аксы алааматы учурунда жооптуу кызмат ээлеп турган биртоп жетекчилерге кылмыш иши козголушун талап кылды.
- Аракети жана аракетсиздиктери адамдардын өлүмү менен коштолгон, өтө оор натыйжаларга алып келген Аксы окуясынын каргашасын уюштуруучулар, уюштурууга шерик болгон жана аларга жардам бергендер катары төмөндөгү аты аталган чиновниктерди жоопко тартууга кылмыш иши козголсун: президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси А.Карыпкуловго, президенттик администрациянын жетекчисинин мурдагы орунбасары Б.Жанузаковго, Аксы районунун мурдагы акими Ш.Осмоновго, мурдагы вице-премьер Курманбек Осмоновго, мурдагы вице-премьер Николай Танаевге…
Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов парламенттеги мурдагы кесиптешинин алдагыдай кинесин четке кагып, иштин чоо-жайын момундайча түшүндүрдү.
- Мен а кезде Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болчумун. Өзүм каалаган учурда да ага тиешем болууга мүмкүн эмес да. Анан бул жерде ошол каргашалуу окуяга уюштуруучу, демилгечи, катышкан деген айып коюлуп жатпайбы. Адам өлүмүнө алып келген ушу окуяга биз түздөн-түз катышкан болуп жатабыз. Аксы окуясынын мурдагы иштери сотто каралганда мен өкмөттө иштечүмүн. Жогорку сотко 2004-жылы 6-февралда бардым. Ал иштер мага чейин каралган.
Аксы алааматынын айланасындагы талаш маселенин так чечилиши укуктук өңүттөн саясий маани-мазмун алып, ал бийлик менен оппозициянын ортосундагы ит жыгылыш күрөшкө айланып кеткенин айрым байкоочулар кыйладан бери айтып келатышат. «Арнамыс» партиясынын жетекчи орунбасары Эмил Алиевдин ырасташынча, тигил же бул кишиге кылмыш ишин козгоо зарылдыгы саясий максат-мүдөөдөн улам гана айтылып келет.
- Минтип жөн эле айтып коюу, бул кишиге, тиги кишиге козгош керек деген – бул саясий эле көрүнүш.
Эмил Алиев азыркы бийлик деле мындан беш жыл илгери Аксыда болуп өткөн алааматтын чоо-жайын кылдат текшерип, күнөөлүүлөрдү жазалоого батына албайт деген пикирде.
- Азыр деле толук баа бералбайт. Тиешеси бар кишилер, жетекчилер аягына чейин чындыкты айткан жок.
«Алиби» басылмасынын башкы редактору мурдагы «Аалам» гезитинин кабарчысы Элнура Кулуева 2002-жылдын мартында Аксыда болуп, а жердеги окуяларды өз көзү менен көргөн журналист. Анын ырасташынча, Аксы мурдагы-кийинки бийликтин улам-улам козголоп турчу куралына айланып калды.
- Ошол кезде бийлик жетекчилеринде тургандардын күнөөсү жок деп айтып жатышпайбы. Башкы прокурор а кездеги өкмөт башчысы Курманбек Бакиевдин моралдык да, укуктук да күнөөсү жок деп атат. Мен ага кошула албайм. Күнөөсү деген бул жерге туура келбес, аны жоопкерчилиги бар деген сөз менен алмаштырса жакшы болот эле.
Саясат таануучу Айдарбек Көчкүновдун айтуусунда, депутат Дооронбек Садырбаевдин баянында аты аталган кырктан ашуун адамдын күнөөсүн сот гана аныкташы керек. Бирок өтөле оор жаза – абийир соту ар бир пенденин маңдайында турат. “Андан эч ким качып кутулган эмес”, дейт А.Көчкүнов.
- Бирок ушул соттон башка да жарандык коомдо, эл ичинде абийирдин соту деген да болуш керек. Албетте, бул эң жогорку сот.
Кыргызстандын башкы прокуратурасы биртоп кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоп, бирок да аны аягына чыгара элек.