Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:12

САЯСАТ САЗЫНДАГЫ КЫРГЫЗСТАН


«Агым» гезити Конституциялык Соттун чечимин жарыялоо менен буга карата депутаттар Ө.Текебаев менен А.Бекназаровдун ойлоруна орун берди. Азимбек мырза бүгүн Кыргызстан кайрылып келген 2003-жылкы Башмыйзамдын 53-статьясына ылайык президент кылган ишине да, кылалек ишине да эч убакта жооп бербейт, өзү эле эмес үйбүлө мүчөлөрү да мамлекеттин эсебинен жашайт деп жазылганын, ушуга дейре Конституциялык сот Акаевдин жеке бийлигин орнотууга каалашынча жол ачып келгенин, бүгүн М.Садыркулов деген Бакиевди чүлүктөп жетелеп алганын, убагында Акаевди да ошенткенин, мен президентке «Курманбек Салиевич, мына Акаевдин түбүнө да ушул Садыркулов жеткен, сиздин түбүңүзгө да ушул жетет деп ачык эле айткамын» деп айтканын сөз кылды. Бекназаров андан ары Акаевдин, анын жакындарынын үй-мүлкү, ээлеп алган обьектилери бүгүн азыркы президент Бакиев менен анын жакындарына өткөнүн… Аксы окуясына токтолуп, Башпрокурор Э.Сатыбалдиев бүгүн бүткөрдүм деп аткан иштердин 99 пайызы ошол кездеги тергелген иштер экенин, Аксы боюнча Акаевди, Бакиевди, Акматалиевди, Садиевди суракка алмайын иш эч качан калыс болбосун, бир дагы түштүктүк атка минерлер жоопко тартылбай калганын, элдин кыжырын кайнаткан Осмонов менен элди кагып-силкип, зөөкүрлүгүн көрсөткөн Кулуев калып калганын айтып чыкты.

Гезит ошондой эле А.Атамбаев буудай кризисинен чыгуунун жолун издеп аны сатып алууга 600 миллион сом бөлгөнү жатса, айрым шылуун бизнесмендер Кыргызстанга алынып келип аткан буудайларды «сатылды» деп документ тууралап, буудайларды Тажикстан, Өзбекстан, алтургай Бангладешке дүңүнөн сатып атышканын… мунусу аз
келгенсип, Европа комиссиясы 11-сентябрь күнү Европа биримдигинин аба мейкиндигине кирүүгө тыйуу салган кара тизмесин жарыялап, ага Кыргызстандагы 27 авиа-компаниянын баары киргенин, эми учактардын жолкиреси кымбаттаарын маалымдады.

«Кыргыз руху» гезитине жооп берген депутат Ө. Текебаев юридикалык кризиске кептелгенибизди, башаламандыктар эми пайда болорун, маселен Консоттун мүчөлөрү бүгүн өзү жокко чыгарган өткөндөгү декабрь конституциясы менен 15 жылга шайланганын, ал эми учурдагы Башмыйзам боюнча соттордун мөөнөтү 10 жыл экенин, кокус референдум болсо аны өткөрө турган Боршайкомдун айрым мүчөлөрүнүн статусу так эместигин, мөөнөттөрү бүткөнүн, экинчиден 2003-жылдын Башмыйзамы менен алганда Консоттун толук курамы жоктугун, демек толук курамы жок туруп Консот президенттин долбооруна тыянак бералбасын, референдумга алып чыгуу да мүмкүн эместигин, айтор Кыргызстан «украин» вариантына келип такалганын айтып чыкты.

Биздин өлкөдө конституциялык реформа 3-сорттогу латын-америкалык телесериалдарга окшоп кетет. Башында дайыма майкөл, сүткөлдү убада кылышат дагы, аягында супрасы курук болуп чыга келет. Дал ушул бүгүн кайрадан биз кайрылып келген 2003-жылдын Конституциясы менен Акаев өзүнө жакпагандарды саясат талаасынан тазалап баштаганын, дал ушул Конституция менен Акаевдин алыс-жакын санаалаштары «Алга, Кыргызстан» аркылуу парламентке келгенин, дал ушул Конституция 2005-жылдагы март революциясынын чыгышына себеп болгонун белгилеп, кезинде Текебаев тарабынан жазылып, алтургай кадыр-барктуу Венециандык комиссиянын элегинен өткөн Конституциянын варианты дайынсыз жок болуп, кийин ызы-чуу менен жарык дүйнөгө келген ноябрь жана декабрь конституциялары ара төрөлгөндүктөн минтип чарчап калганын… эми мындан ары кандай болорун эртең сүйлөй турган сөзүндө президент К.Бакиев аныктарын, ал эми саясат таануучулар маселе референдум аркылуу чечилет деп божомолдоп жатканын баяндады.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG