Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:06

СУМГАИТ ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ БУЛГАНЫЧ ШААРЛАРДЫН БИРИ


Кыргызстандын Майлысай шаары жакында дүйнөдөгү эң булгач 30 шаардын катарында аталды. Нью-Йоркто жайгашкан экологиялык саламаттык боюнча Блэксмит институту Азербайжандын Сумгаит шаары дүйнөдөгү эң булгач 10 жайдын тизмесине киргизди. 275 миң киши жашаган бул шаарда эл оор металдар жана химиялык заттар менен булганууга дуушар болуп келатышат. Азаттыктын азербайжан кызматынын кабарчысы Шахназ Хусеинова жакында Сумгаитге барып, атайын репортаж даярдаган эле, аны эфирге Жаңыл Жусубжан сунуш этет.

Сумгаитти даңазалаган советтик ырдa "шaaрдын ар бир карыш жери" жаңыланып жатканы, атагы алыска кеткени, Азербайжан эли канчалык сыймыктана тургандыгы айтылат.Бүгүн бул сыймыктануу сезими дээрлик жокко чыккан.

Сумгаит Бакы калаасынан 30 чакырымдай түндүк-батышта, Каспийдин боюнда жайгашкан. Советтик мезгилде Азербайжандын башкы өнөр-жай борбору болгон. Ошол эле убакта шаар жаш балдардын өлүмү жана рак оорусу боюнча СССР боюнча биринчи орунда турчу. Абасы коюу, химикат жыттанып, асман тиреген сансыз морлордон чыккан коюу түтүн шаарды каптап турчу. Бүгүн ишканалардын басымдуу бөлүгү жабылып калды. Бирок оор метал, мунай, химиялык заттар менен булгануунун кесепеттери жоюла элек.

Азербайжандын өкмөтү Сумгатте кырдаал жакшырды деп айтууда.

Сумгаит 1990-жылдардагы Сумгаит эмес. Фабрикалар ал кездегидей деңгээлде иштебей калган. Алардын 10-15 пайызы гана иштеп жатат. Демек булгач заттар да азайды, мурдагыга салшытырып болбойт,-дейт Махмед Махмедов Экология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин улук кызматкери.

Бийликтин эсебинде Сумгаитте 1990-жылдары жылыга 600 миллион куб метр булганч суу иштелип чыкчу, бүгүн бул көрсөткүч 80-100 миллиондун тегерегинде. Соңку жылдары өкмөт жергиликтүү алюминий ишканасынын айланасында Дүйнөлүк Банктын жардамы менен 40 миң тонна булганыч таштанды тазаланганын да айтууда. Бирок бул тарапта мындан дагы төрт эсе көп таштанды кала берүүдө.

Кийинки жылдары мунай өнөр жайы өнүгүү жолоюна түшкөндөн бери химиялык тармак кайра жандана баштады.

- Ошого жараша аба да кайра булганч боло баштады,- дейт Cумгаиттин дагы бир тургуну. Буга Экология жана жаратылыш ресурстар министри Гусейингулу Багиров "биздин колдон эмне келет" деген кыязда жооп берди:

- Мен фабрикаларды жаап сала албайм, менде андай укук жок. Ашып кетсе, сотко бере алабыз, ошондуктан элди адаштырбаш керек.

Азырынча Сумгаиттин эли булганч чөйрөдө жашоого моюн сунуп калышкандай. Алар деңиз жээги булганып жаткандыгына да нааразы. Бир гана эми иче турган суулар таза калса экен деп үмүттөнүшөт.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG