Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 06:06

18:13 Керметоо шайлоо округунан Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо соңуна чыкты


Эртеңден баштап алар үгүт ишин жүргүзүүгө киришмекчи. Бул туурасында Керметоо округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы Адыл Мырзаев 18-сентябрда “Азаттыкка” кабарлады. Сегиз талапкердин бирөөсү Кадамжай райондук салык инспекциясынын башчысы Абдылдабек Осмонов саясий таймашка катышуудан өзү баш тартты. Калган жетөө Ош Каратекс ишканасынын өкүлү Кубанычбек Нурматов, убактылуу бош Бегайым Токтоматова, дыйкан чарба башчысы Өмүрбек Бакиров, Ош шаар Кеңешинин депутаты Гүлкарпаша Сабирова, жеке ишкер Адылбек Сагынбаев, акыйкатчынын аппарат жетекчиси Каныбек Эргешов депутаттык мандат үчүн жарышка аттанды. Ош облустук аялдар конгрессинин төрайымы Карамат Абдуллаева Керметоодогу шайлоодо улуттук фактор карта иретинде ойнолоорун каңкуулады. (АТо)

XS
SM
MD
LG