Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

ВЕЛОСПОРТЧУ ЕВГЕНИЙ ВАККЕР БЭЭЖИН ОЛИМПИАДАСЫНА ЖОЛДОМО АЛДЫ


Тайланд өлкөсүнүн борбору Бангкок шаарында өткөн велоспорт Азия чемпионатында кыргызстандык Евгений Ваккер марага биринчи келип, алтын медаль тагынуу менен Бээжин олимпиадасына жолдомо алды. Азия оюндарынын төрт жолку жеңүүчүсү Евгений Ваккер эми 27-сентябрда Германияда өтчү дүйнө биринчилигине катышат.

Жол алыстыгынан, виза маселелеринен жана күндүн ысыганынан кыйналганын Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Эркин Акрамов жашырбады.
Азия оюндарында үч ирет күмүш, бир жолку коло байге уткан Кыргызстанга эмгек сиңирген спортчу Евгений Ваккер велоспорттун 48 километрге жеке таймашында күндүн ысыгына карабай марага биринчи келип, Азия чемпиону аталды. Анын жеңишинин урматына кыргыз туусу обого көтөрүлүп, гимн ойнотулуп, көкүрөгүндө алтын медаль жаркырады. Ошондой эле Евгений Ваккерге 2008-жылы Бээжинде боло турган жайкы олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн жолдомо ыйгарылмак болду.

Күмүш байге ирандык Аскари Хусейинге, коло медаль өзбекстандык Владимир Туйчиевге буйурду. Ошондой эле ал 205 км аралыкка топ болуп таймашууга Кыргызстандан жалгыз катышып, марага онунчу болуп келди.

Бангкоктогу Азия чемпионатынын таймашуулары жана шакирти Евгений Ваккердин алдыдагы максаттары тууралуу устаты Эркин Акрамов мындай деди:

- Мелдеш жогорку деңгээлде, 38-39 градус аптаптуу ысыкта өттү.50 км аралыкка жеке жарышта көп велоспортчулар марага жетпей жолдон чыгып кетишти. Казакстандык спортчу ысыкты көтөрө албай 10 км аралыктан кийин эс-учун жоготту. Коңшу казактар Азия чемпионатына 35 спортчусун алып барган менен бир дагы алтын байгеге илинбей арманда калышты. Биз Евгений экөөбүз эптеп каражат тартыш болуп, жол азабын тартып араң бардык. Ошол түйшүктөрдүн акыбети кайтты. Эми Германияда өтчү дүйнө чемпионатына даярдык көрүп, Кыргызстандын намысын татыктуу коргойлу деп тилек кылып турабыз. Анан Бээжин олимпиадасына даярдык көрүү үчүн каражат керек.

Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Бообек Кадыркулов айтымында велоспортко өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбагандыктан мыкты адистер чет мамлекеттерге кетип калышкан. Велоспорт боюнча Кыргызстандын намысын жалгыз Евгений Ваккер коргоп жүрөт. Ал дагы бир топ жылдан бери Германиянын спорт клубунда машыкккандыктан ийгилик жаратып келүүдө. Эгерде 33 жаштагы Евгений Ваккер спорт менен кош айтышса, өлкөдө андан бөлөк велоспорттон “бычакка сап бир дагы жигит жок”, дейт Бообек Кадыркулов.

Кыргызстанды эл аралык аренада таанытып жүргөн Евгений Ваккер 33 жашка толот. “В” тобундагы велоспортчулар арасында 1998-жана 2003- жылы дүйнө чемпиону жана күмүш, коло байгелердин ээси болгон. Хиросима, Бангкок, Пусан жана Доха шаарларында өткөн Азия оюндарында 3 ирет күмүш, бир жолу коло медаль уткан. Эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болуп саналат. Атланта, Сидней жана Афина олимпиаларына катышканы менен ийгилик жарата алган эмес.

Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Эркин Акрамовдун айтымында Кыргызстанда машыгууга шарт жоктугунан Германияда жашап, спорт клубунда чеберчилигин арттырып келүүдө. Ал түгүл учур талабына шайкеш спорттук жаңы велосипеди, жабдуу-шаймандары жана атайын веложарышка кийүүчү кийими да жок. Кыргыз спорт жетекчилери кур убадалар менен курсак тойгузуп келүүдө.

Евгений Ваккер 27-сентябрда чейин Германиянын Штутгарт шаарында өтчү дүйнө чемпионатына катышат.

Спорт күйөрмандардын эсине:1966-жылы Борбор Азия боюнча велотрек Бишкекте курулган. Бирок учурда керектен чыгып кароосуз калып баратканы өкүндүрөт.

Велоспорт Кыргызстанда өткөн кылымдын 30-жылдардан баштап өнүгө баштаган. Чүй өрөөнүндө, Ысыккөлдө мелдештер өткөрүлүп турган. Э.Я.Лившиц, В.И.Лусников Кыргызстанда биринчилерден болуп велоспорт боюнча 1957-жылы «СССР спортунун чебери» наамын алышкан. Ал эми Г.М.Карабаев уландар арасында 1974- жылы, С.А.Иванов студенттер арасында 1978-жылы дүйнөнүн чемпиону болгон, Кыргызстандык Игорь Дзюба 1992- жылы Барселонада олимпиадалык оюндарда 4-орунду ээлеген.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG