Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ: КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ ОН ТӨРТ ЖЫЛ ИЧИНДЕ БИР ДА ЖОЛУ БИЛДИРҮҮ ЖАСАГАН ЭМЕС


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Башмыйзам боюнча Конституциялык сот жыл сайын Жогорку Кеңештин алдында билдирүү жасоого тийиш болсо да, он төрт жыл ичинде бир да жолу аны аткарган эмес. Конституциялык соттун ишин териштирүүгө алуу боюнча түзүлгөн парламенттик комиссия Консоттун он төрт жылдан берки ишин иликтеп чыкмакчы. “Азаттыктын” 19-сентябрдагы таңкы уктурууларынын түз байланыштагы маектеши ЖК депутаты, Конституциялык соттун ишине баа берүү үчүн кечээ түзүлгөн парламенттик комиссиянын төрагасы Азимбек Бекназаров болуп, мына ушулар тууралуу кеп салып берди.

-Азимбек мырза, Конституциялык соттун ишине баа берүү боюнча түзүлгөн комиссия эмне максатта иш алып бармакчы?

-Конституциялык сот өзүнүн жасаган иштери тууралуу жыл сайын Жогорку Кеңешке билдирүү берип турууга тийиш болсо да, он төрт жылдын ичинде бир да жолу билдирүү жасаган эмес. Экинчиден, Башмыйзам боюнча кечээ жакында чыгарган чечимин парламент укуктук жактан мыйзамсыз деп таптык. Анткени колдонуудагы Конституцияга таянып, тыянак чыгарган эмес. Ошондуктан, биз деги эле Конституциялык сот он төрт жыл кандай аракеттерди жасады: коомчулукка канчалык деңгээлде пайдалуу иштерди жасады жана канчалык деңгээлде терс көрүнүштөрдү алып келди, мамлекетибизге пайда-зыянын, оң-терсин баарын териштирип, Кыргызстандын элине чыгарып берели деп жатабыз. Себеби Башмыйзамда ушундай жазылып калган: Конституциялык соттун чечими мыйзамдуу болобу, мыйзамсыз болобу талкууга жатпайт, даттанууга жатпайт делип, бардык мамлекеттик бийлик органдары тарабынан туура болсо да, туура болбосо да аткарууга милдеттендирилип келген. Мына ушундай жобого таянып алып, Конституциялык сот он төрт жылдын ичинде мамлекетибизге, дегеле коомго зыянын тийгизген чечимдерди чыгарып келген. Бииз ошону аык-айкын талкуулап, элге түшүндүрүп, кылган иштеринин жыйынтыгын чыгарып берели деп атабыз.

-Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын дарегине да кечээ айрым депутаттар “бир нече жолу мыйзам бузууга барган” деген сын-пикирлерди айтышты. Конституциялык соттун жетекчиси кандай шарттарда алмаштырылат?

-Конституциялык соттор 1993-жылы он беш жылга дайындалган. Мына 2008-жылы май айында булардын мөөнөтү бүтөт.

-Конституциялык сот чечиминин башында президент өзү турат деп айтып атасыз. Сиз кандай ойлойсуз, муну менен Курманбек Бакиев экс-президентчесинен мөөнөтүн узарткысы келеби?

-Себеби Конституциялык реформа токтоп калды, эмне үчүн токтоп турат, жылдырбайлыбы деген максатта бир нече саясатчылар, алардын ичинде мен да бармын, президентке, премьер-министрге, президенттик администрациянын башчысына жолугуп, сураганбыз. Мына ошол жолугушууларда, сүйлөшүүлөрдө биз түшүндүк: эмне үчүн баягы Атамбаев башында турган топтун Башмыйзамга өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү тууралуу долбоор Конституциялык сот тарабынан каралбай жатканын. Биз өткөн жылы октябрь айында берсек да, ушул убакка чейин каралган жок. Ал эми Эшимканов менен Карабековдун арызын жети күндө эле карап салып атпайбы..? Конституциялык реформаны башкача жасаш керек экендигин түшүнгөнбүз. Менден президент менен Медет Садыркулов реформага байланыштуу мыйзамдарды кое тур, күздө жаңыдан башкача сурап кетебиз, деп ачык эле сураган. Мен ошондо эле башка кадамдар жасалышы күтүлүп жатканын түшүнгөм.

-Чоң рахмат!

XS
SM
MD
LG