Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:32

10:20 Чолпон Баекова президентке ачык кат жолдоду


Жогорку Кеңеш 18-сентябрда конституциялык сот боюнча токтом кабыл алышына байланыштуу Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова президент Курманбек Бакиевге ачык кат жолдоп, конституциянын гаранты катары президентти тез арада түзүлгөн кырдаалдан чыгуу максатында чара көрүүгө чакырды. Анда конституциялык сотко 18-сентябрда Жогорку Кеңештин атынан мөөр басылган токтом келип түшкөнү, токтомдо Конституциялык соттун үч судясын шайлаган Жогорку Кеңештин токтому күчүн жоготкону жана 14-сентябрдагы Конституциялык соттун чечими мыйзамсыз экендиги, анткени ал 1993-жылдын 5-майындагы конституцияга каршы келери жазылганы айтылган. Ачык катта ошондой эле Жогорку Кеңештин бул токтому сот органдарынын эркиндиги тууралуу принциптерди буза турганы, мыйзамчылар мунусу менен чектен чыгып кеткени айтылат. (IJz)

XS
SM
MD
LG