Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

ПРЕЗИДЕНТ К. БАКИЕВДИН КЫРГЫЗСТАНДЫН КАЛКЫНА КАЙРЫЛУУ СӨЗҮ


Бүгүн бизге улуттун биримдиги, ынтымактын жана жаратмандыктын улуттук капиталы болуп көрбөгөндөй зарыл


Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиевдин
Кыргызстандын калкына кайрылуусу


19-сентябрь 2007-жыл

Урматтуу кыргызстандыктар!
Урматтуу депутаттар жана Өкмөт мүчөлөрү!
Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жетекчилери, акимдер жана губернаторлор!
Урматтуу меймандар!


Биз өлкөнү жаңылоо, реконструкциялоо жолуна түшкөндөн бери эки жарым жыл өттү. Бул кыска убакытта өлкөдө көп нерселер болду жана көп нерсе өзгөрдү.

Мен бул жыйынга катышкандарга акыркы жылдары жасалган иштер кеңири баяндалган материалды таратып берүүнү сурангам. Муну сиздер менин президенттик мөөнөттүн жарымындагы отчетум катары карасаңар болот.


Бүгүн биз чындыкка тике карап туруп эмнелерди айта алабыз?


2007-жылы Кыргызстан экономикасы көп жылдардан бери болуп көрбөгөн өсүш темпи менен келе жатат. Өсүш эл чарбасынын бардык тармактарынын эсебинен болуп жатат. Экономикага жумшалган инвестициялардын көлөмү өсүп, өлкөнүн экспорт потенциалы көбөйүп жатат. Бюджеттин кирешелери тез көбөйгөнү пенсия, эмгек акыны жогорулатууга мүмкүндүк берди.


Акыркы он жылдыктагы эң ири структуралык реформаларга негиз түзүлдү. Биринчи кезекте сөз энергетика тармагындагы ири инвестиция долбоорлору жөнүндө болуп жатат. Алгачкы жолу гидроэлектростанцияларды курууга жеке инвестицияларды тартуу үчүн шарт түзүү боюнча кадам жасадык.


Баалардын табигый өсүшүнө карабастан калкыбыздын жашоосу жакшырганы байкалып турат. Келечектен чочуп, корккон сезимдер жоголду. Өз күчүнө ишенүү пайда болду. Улуттун өзүн өзү таануусу, улуттук сыймык сезими өрчүп жатат.


Мамлекетти чыңдоо жана экономиканын өсүшү Кыргыз Республикасынын эл аралык позициясына жагымдуу таасир тийгизди. Быйылкы эң ири саясий иш чара - Бишкектеги Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити ага күбө болот. Ал эч кынтыксыз өткөрүлдү. Бирок эң негизгиси бул эмес. Буга чейин бир да жолу ШКУнун тарыхында саммиттерде мынчалык өкүлдөр катышкан эмес. Ошондой эле бир да жолу ушунчалык жаңы идеялар жана долбоорлор кабыл алынган эмес.


Донорлор коомчулугу быйыл май айында болгон Өнүгүү форумунда билдиргендей мындан ары реформаларыбызды колдой турган болду, айрым өлкөлөр менен карыз маселесин чечтик.


Мунун баары биз жасап жаткан иштерди оң баалагандын белгиси. Татаал процесстерге жана кыйынчылыктарга карабастан жалпы аракет менен биз өлкөнү опурталдуу режимден алып чыгуу менен гана чектелбестен, келечектеги өнүгүү үчүн шарт түзүүгө жетише алдык.

Цифралар жана фактылар - курулай сөздөн артык. Алар сиздерде бар. Андыктан мен бүгүн жасалган иштер, ийгиликтер жөнүндө сөз кылбайм. Чече турган маселелер жана жакынкы арада биз эмне кылуубуз керек экендигин айтайын деп турам.


Бир жыл мурун калкка болгон биринчи Кайрылуумда сиздерге өлкөнүн өнүгүүсүнүн, жакынкы, орто жана келечектүү мөөнөттөгү максаттардын стратегиясы боюнча көз карашымды баяндадым эле. Бул жоболор кийин Өлкөнүн 2010-жылга чейинки өнүгүүсүнүн стратегиясында бекемделген.


Өзүбүздүн пландарыбызды өлкөбүздүн тышкы жана ички оңой-олтоң эмес шарттарында ишке ашыруу алдыбызда турганын турмуш өзү көрсөтүп жатат.


Кыргызстан азыр өтө маанилүү учурду башынан кечирип жатат. Өлкөбүздө коом менен бийликтин ортосунда жаңы мамилелер түзүлүүдө. Дүйнөдө жана кошуна мамлекеттерде болуп жаткан процесстер экономикалык олуттуу маселелерди чечүүнү бизден талап кылууда.


Мындай кырдаалда коюлган максаттарга жетиш үчүн бизге бүгүн улуттун биримдиги, ынтымактын жана жаратмандыктын улуттук капиталы болуп көрбөгөндөй зарыл болуп турат.


Акыркы жылдын сабактары саясий жана жарандык тирешүүлөр, жалаң гана жарандык каршылык көрсөтүү идеялары жакшылыкка алып келбей турганын даана көрсөттү. Бийликке карата коомдун мындай сынчыл маанайда болушу биринчи президенттин бийлигинин акыркы жылдарында болгон демократиядан чегинүүнүн натыйжасы. Бирок бул – учугу түгөнбөгөн революциялардын жана саясый толкундоолордун гана өлкөсү болууга тийиш дегенге жатпайт. Эгерде биз нааразылык гана көрсөткөн энергетикалык демибизди жаратман эмгектин энергетикасына багыттабасак, жакшылыктан үмүт кылбай деле койсок болот. Саясый бурганактаган кызуулугубузду, дымагыбызды өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү капиталын, натыйжалуу башкаруу капиталын арттырууга багыттоого кез келди. Бардыгы тең бүгүн мындай зарылчылыкты сезишет жана өлкөнүн булуң-бурчундагы эл бизден ушуну талап кылууда.


Мен үч негизги кадамды жасоо зарыл деп эсептейм. Булар:


(1) саясий күчтөрдүн коомду башкарууга катышуусун кеңейтүүнүн жана алардын жоопкерчилигин жогорулатуунун негизинде мамлекеттик түзүлүш маселеси боюнча макулдукка келүү;

(2) мамлекетти чыңдоо жана мамлекеттик башкаруунун, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын жогорулатуу;


(3) ачык, калыс жана баарына бирдей болгон экономикалык эрежелерге өтүү менен ири долбоорлорго багыт алуу аркылуу экономиканын өнүгүшүнө жаңы күчтүү дем берүү;

Бул тактап айтканда өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылууга арналган менин программам. Аны ишке ашыруу үчүн эмне кылуу керек?

Экономикалык маселелерден баштайын.Экономикалык өсүшкө карабастан бейкапар болбошубуз керек. Бүгүн биз дүйнөнүн жана региондун алдыңкы өлкөлөрүнө салыштырганда экономикалык өнүгүүдөн артта калууну азайтуу үчүн келечектүү кадамдарды жасашка милдеттүүбүз. Бул үчүн биз экономиканы капиталдаштыруу жана жаңылантуу боюнча чараларды көрүүгө тийишпиз.

Биз өзүбүздүн улуттук байлыгыбызды реалдуу баалап жана өлкөнүн капиталдаштыруу масштабдарын кеңейтүү жолуна түшүүбүз керек. Активдерди капиталдаштыруу экономиканын масштабынын кеңейишине, инвестициялык жагымдуулугу жогорулашына жана экспорт потенциалы көбөйүшүнө алып келет. Ушул шартта гана биз дүйнөлүк экономикалык системанын ажырагыс бөлүгүнө айлана алабыз.

Конкуренцияга жөндөмдүү болуп жана тышкы рынокту өздөштүрүү үчүн бизнести ирилештирүү зарыл. Андыктан 2005-жылы пайдага салган салыктын өлчөмүн 10 пайызга чейин төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алганбыз. Бул - КМШ мамлекеттеринин арасында эң төмөн салык. Ошондой болсо да бүгүн реалдуу секторду өнүктүрүү максатында дагы бир кадам жасап, пайдага салган салыкты иштетүү өнөр жайынын тармактарында нөл деңгээлине дейре төмөндөтүүгө баруубуз шарт деп эсептейм. Бул капиталдаштырууга жана пайданы кайрадан инвестицияга жумшалышына өбөлгө түзөт. Мындай кадам бизнестин экспорт мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.


Мындан тышкары фонд рыногун өнүктүрүү анда мамлекеттин үлүшү болгон компаниялардын акцияларын милдеттүү жүгүртүүгө катыштыруу аркылуу капиталдаштырууну жаңы деңгээлге жеткирүү максатында чаралар көрүлөт.


Экинчи жагынан өндүрүш кубаттуулуктарын жаңылоо ар тараптан колдоого ээ болот. Мындай иш чаралардын бир бөлүгү мурунку жылдарда эле кабыл алынган, асыресе, импорттолгон жабдуулар үчүн өлчөмү нөл болгон кошумчаланган нарк салыгы киргизилген. Бул иш чараларды улантуу менен мен негизги каражаттардын амортизация мөөнөтүн кыскартууну сунуш кылам. Ошондой эле финансылык ижаранын, же болбосо лизингдин өнүгүшүнө кедерги болгон салык мыйзамдарынын кемчилдерин оңдоо өтө маанилүү деп эсептейм.


Биз жаңы өндүрүш кубаттуулуктарын ишке киргизүүнү камсыз кылуубуз зарыл. Бул экономикабызды ыкчам ыргак менен алга сүрөйт. Мен өзүбүздүн каражат менен Камбарата-2ни куруп бүтүп, ишке киргизүү толук колубуздан келет деп эсептейм. Камбарата-1ди курууда, Бишкек ТЭЦин жана ага байланышкан электр жана жылуулук тармактарын жаңылоодо инвесторлорсуз иш бүтпөйт. Бирок биз аларды тандоодо кылдат мамиле жасап, өз мекенибиздин капиталына артыкчылык берүүгө тийишпиз. Бизде башка өлкөлөрдө иштеп жаткан кыргыз жарандарына тиешелүү ресурстарды кайрып келүү мүмкүнчүлүгү бар.


Экинчи жагынан мамлекет чарба субъекттеринин карыздарын терең реструктуризациялоо боюнча жоопкерчиликти алып чечкиндүү кадамга барышы зарыл. Кредит жана ссудалар боюнча карызды төлөө мөөнөтүн узартуу керек. Сөз карыздарды толук кечип жиберүү жөнүндө болуп жатпагандыгын белгилегим келет. Мындай чаралар бизнесте башкаларга жүгүн артуу маанайын гана күчөтөт.


Менчик укугун коргоо боюнча кошумча чараларды көрүү зарыл. Менчиктештирүү жыйынтыгын кайра карап чыгууга чакыргандар да арабызда бар. Дароо эле билдиргим келет – мен менчикти кайра бөлүштүрүүгө каршымын. Анын үстүнө менчик ээлерине ишенимди кайтарыш керек. Буга байланыштуу жакынкы арада келишим түзгөн иштердин эскирүү мөөнөтүн үч жылга чейин кыскартууну сунуш кылам.


Быйыл капиталдарды мунапыс кылуу менен жакшы кадам жасадык. Бул процессти создуктурбоо маанилүү.


Региондук өнүгүүнүн максаты региондорду капиталдаштыруу, же алардын аймактарындагы активдердин наркынын өсүшүн камсыз кылуу. Бул үчүн биринчи кезекте региондун өнүгүү тагдырына жоопкерчиликтүү иштиктүү менчик ээсин калыптандыруу зарыл. Жакында башталган административдик-аймактык реформа нак ушуга багытталган.


Өлкөнүн жол тармагын кеңейтүү жана анын жеткиликтүү болушун камсыз кылуу боюнча иштерди аны эл аралык транзит менен толтуруу менен коштоп улантуу керек. Биринчи кезекте биз жолдордун өзүн жакшыртуубуз зарыл. Жакынкы жылдарда артыкчылыктуу деп Ош-Сарыташ-Эркештам, Бишкек-Нарын-Торугарт, Суусамыр-Талас-Тараз, Ош-Баткен-Исфана, Сарыташ-Карамык-Жергетал автомагистралдарын, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун кура баштоо, «Кыргызтемиржолун» жаңылоо долбоорлорун аныктаганбыз.


Мындай долбоорлор кошумча натыйжа алып келет – магистралдын жанындагы аймактар өнүгөт.


Өз ресурстары менен жолдорду кармап туруу жана куруу мүмкүндүгүн камсыз кылуу үчүн жол фондусуна өз алдынча болууга укук берүүнү сунуш кылам.


Жол тармагын куруу жана жакшыртуудан тышкары өлкө аркылуу өткөн товар агымдарынын жолундагы тоскоолдорду алып салуу, башкаларга караганда ыңгайлуураак режим киргизүү зарыл. Бизнеске экспорт-импорт операцияларында талап кылынган мамлекеттик процедуралар жана талаптар кайра каралат жана жөнөкөйлөнтүлөт.


Айыл чарбасын колдоо боюнча олуттуу мамлекеттик иш чаралар зарыл. Биринчи кезекте жеке менчиктин күчү жетпеген жерде, тактап айтканда ветеринарияда, үрөндүн селекциясында, агрохимияда, айыл чарба техникасында. Эгерде азыр биз тезирээк чара көрбөсөк анда бардык малдын башын жана дыйканчылыкты жоготуп алабыз.


Өзгөчө маанилүү деп агрардык сектордо жерди мелиорациялоо жолу менен өндүрүштү кеңейтүүнү эсептейм. Өкмөт иррригациялык жана дренаждык системаларды иштетүүнү жакшыртууга, сугат жерлерди көбөйтүүгө тийиш.


Заманбап жана натыйжалуу механизмдердин бири мамлекеттик - жеке менчик өнөктөштүгү боло алат. Бизнес менен бирдикте биз конкуренцияга жөндөмдүү райондорду натыйжалуу өнүктүрө алабыз. Мамлекет баштап барып конкреттүү инвестиция долбоорлорунун алкагында жолдорду жана электр өткөрүү тармактарын, айыл чарба инфраструктурасынын объекттерин курууну каржылоо мүмкүндүгүн аныктоого убакыт келип жетти. Мында губернаторлордун демилгеси дагы өтө маанилүү, областтар аралык долбоорлор өзгөчө колдоого алынышы керек.


Бүгүнкү күндүн эң актуалдуу милдеттеринин бири - бюджеттер аралык мамилелерди тартипке келтирүү. Жергиликтүү бийликтин демилгесин көтөрүү, алардын социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу максатында биз бюджеттер аралык мамилелердин үч деңгээлдеги түзүмүн киргизүү боюнча иштерди улантуубуз абзел. Социалдык-экономикалык саясатты өз алдынча ишке ашыруу боюнча аларга жетиштүү укук берүү зарыл.


Ар түрдүү аймактарга карата өздөрүнө ыңгайлашкан мамиле керек. Өлкөнүн түштүгү, алыскы, бийик тоолуу региондор жана экология коркунучу бар зоналар өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Буга байланыштуу мен Өкмөткө түштүк областтардын, өзгөчө чек ара зонасындагы өнүгүүсүнүн антикризис программасын иштеп чыгууну тапшырам. Биз бир убакта кабыл алган тоодогу айылдардын өнүгүү программасы кандай ишке ашып жатканын текшерип карап чыгуусун талап кылам.


Мен Ысыккөл, Сарычелек, Арстанбап жана ушул сыяктуу жаратылышы өзгөчө региондорду сактап калуу боюнча чараларды иштеп чыгуу үчүн депутаттар тобунун жана министрликтердин жетекчилеринин Улуттук комиссия түзүү демилгесин колдойм. Бизге жаратылышка аяр мамиле жасаган жана туруктуу өнүгүүгө багытталган экономика керектигин унутпайлы.


Социалдык маселелер олуттуу көңүл бурууну талап кылат. Чектелген ресурстар шартында биз социалдык чөйрөнүн мындан ары өнүгүшүнө көбүрөөк прагматикалык көз карашта аракеттенишибиз зарыл.


Биринчиден, калкты социалдык колдоо системасын кайра карап чыгалы. Ал азыркыга чейин эски принциптер жана механизмдер менен коштолуп келген. Азыр бул система мамлекеттик каражаттарды чачып, бай адамдардын айрым тобуна кедейлердин эсебинен коомдук ырыскыдан пайдаланганга мүмкүндүк берип жатат. Формалдуу түрдө билим берүү жана саламаттык сактоо акысыз, бирок иш жүзүндө аларга акча төлөйбүз, кээде колунда жоктор үчүн алар кол жеткистей болуп калган. Балдар жана энелер алган жөлөк пул абдан аз, пенсия да жетишсиз болуп, реалдуу эмгек салымына байланышпай калган. Дүйнөлүк баалардын өсүү тенденциясын эске алуу менен өкмөт айлык акыны, пенсияларды жылына бир-эки жолу эмес, квартал сайын көтөрүүнү колго алуусу керек.


Мындан тышкары бизде кедей региондор иш жүзүндө байыраак региондорго дотация берген тармактар бар. Мисалы, азыркы учурда Бишкек тургундарын жылуулук менен арзан тарифте камсыз кылуу үчүн бүткүл өлкө төлөп жатат.


Эскертип кетким келет, былтыр мен жакынкы үч жылга улуттук социалдык стандарт иштеп чыгуу жана аны мыйзам менен бекитүү милдетин койгон элем. Тилекке каршы бул милдет аткарылган жок. Бул маселеге дагы бир жолу кайрылууну суранам.


Экинчиден, саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөлөрү кошумчаланган нарк түзүүдө, улуттун ден соолугун жана интеллектуалдык капиталын калыптандырууда активдүү роль ойношу зарыл.


Орто жана жогорку кесиптик билим берүүнү реформалоо биринчи багыт болот. Бүгүнкү күндө бир нече кесип-техникалык жана жогорку окуу жайларын үлгү катары алып, кесиптик жана жогорку билим берүүнү рынок принциптери менен башкарууну киргизүү зарыл. Алсак, аларды акционерлештирип жана өз алдынча статус берүүгө болот. Ошону менен катар көрсөтүлүп жаткан билим берүү кызматтарына катаал талаптарды коюу аркылуу конкуренттүү чөйрө түзүү максаты турат.


Калкыбыз бул тармакка жигердүү киришип жатканын байкабай коюуга мүмкүн эмес, негизги ресурс – адам потенциалын түзүүгө жана өнүктүрүүгө инвестиция жумшап жатышат. Эми адамдар мындан иренжип калып жана билим алуу процессинен оолакташына жол бербешибиз керек. Бул биздин адамдардын капиталдашканын азайтуу менен гана чектелбестен бүтүн улуттун начарлаш коркунучуна кептелтет. Азыркы убакта билимдин натыйжасы -билими жогору жумушсуздардын санын көбөйтүү эмес, өзүн жана үй-бүлөсүн бага алган, бүткүл коомго да пайдасы тие турган интеллекти жогору кызматкерлер болушу керек. Азыр бүткүл дүйнөдө эң кымбат болгон ресурс – бул илим. Биздин коомдо да ушундай болушу шарт.


Орто билим берүүнүн бардык баскычында мектептердин ишинин натыйжалуулугун баалай ала турган көз каранды эмес баа берүү жана көзөмөл жүргүзүү системасын калыптандыруу зарыл. Калктын социалдык жактан аз корголгон катмарындагы балдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү көңүлдөн чыгарбасак. Окуу процессинин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу негизги маселенин бири. Буга байланыштуу Өкмөттүн алдында өлкөнүн бардык мектептерин эң кур дегенде бир компьютер классы менен камсыз кылуу милдетин коём.


Коомду капиталдаштыруунун өзөктүү суроосу болуп инновация иштеринин өнүгүшү саналат. Канчалык кыйын болсо да инновацияны инвестициялоого, келечектүү технология жана товарларды венчурдук каржылоого мүмкүндүк табууга тийишпиз. Мамлекет илимий иштердин натыйжасына суроо-талап кылган жана аны пайдаланган негизги субъект болууга тийиш. Илимди каржылоо схемасын кайра карап чыгууну сунуш кылам. Улуттук илимдер академиясына өзүнчө сап менен каржылоо кала берет. Бирок ошону менен катар илимий долбоорлорду конкурстук каржылоонун жана алардын аткарылышын Улуттук илим фонду жалпысынан көзөмөлдөп турган бирдиктүү системаны түзүү зарыл.


Бүгүнкү күндө илим биринчи кезекте ишке жараган, турмуш талап кылган багыттарда артыкчылыктуу өнүгүшү зарыл деп эсептейм. Менин оюмча мындай багыттар үчөө: биотехнология, инженерия жана медицина.


Саламаттык сактоого көз карашты өзгөртүү мезгили келди. Саламаттык сактоо системасы биринчи кезекте оору-сыркоонун алдын алып, министрлик медицина мекемелерин башкаруу менен чектелбестен башкы максаты ден соолукту башкаруу болууга тийиш.


Бул планда саламаттык сактоо системасы калкты жугуштуу ооруларга каршы вакцинациялоо, ошондой эле йод жетишпегендиги жана анемия маселелерин чечиши зарыл.


Балдардын жана энелердин ден соолугу боюнча кырдаалды жакшыртуу керек. Мен балалыкты коргоо жана колдоо боюнча чаралар жөнүндө жарлык чыгардым. Жакында балдарга ВИЧ-инфекция жугузган окуя бул тармакта биз көз жумбай тез арада чече турган татаал маселелер арбын экенин даана көрсөтүп жатат.


Саламаттык сактоо чөйрөсүндө жеке медициналык кызмат көрсөтүүнүн өнүгүүсүнө өбөлгө боло турган Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна өз алдынчалыкты берүү маанилүү кадам болуп саналат. Ошондой эле медициналык мекемелерге салыкты өзгөртүү аркылуу ишине жардам берүү мүмкүндүгү каралып жатат.


Инфляция жана негизги азык-түлүккө баалардын жогорулап жаткан азыркы кырдаал биз опурталдуу ар түрдүү коркунучтарды алдын ала көрө билүүнү жана алардын кесепетин азайтууну үйрөнүшүбүз керек экендигин дагы бир жолу көзгө сайып көрсөттү.


Алсак, биздин финансы системабыздын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн финансы жагында да, өндүрүш-соода жагында да коркунучтун алдын ала камсыздоо системасын өнүктүрүү зарыл. Бул багытта Депозиттерди коргоо фонду маанилүү кадамдын бири болуп калууга тийиш.


Камсыздандыруу рыногунун өнүгүүсүнө жалпысынан терең көңүл буруу зарыл. Анын потенциалын көбөйтүүгө жоопкерчиликти, тышкы соодадагы коркунучтарды милдеттүү камсыздандырууну ишке киргизүү өбөлгө түзмөкчү. Ошону менен бирге камсыздандыруу компаниялары камсыздандыруу резервин азыркыдан ийкемдүү түзүүгө жана аларды натыйжалуу инвестициялоого мүмкүндүк алышы керек.


Тышкы карыздар маселеси мурункудай эле актуалдуу бойдон калып жатат. Акыркы эки-үч жылдын ичинде кырдаалдын жакшырышына карабастан жакынкы убакта бюджетке жүк байкалаарлык оорлойт деп күтүп жатабыз. Бул төлөөлөрдүн кыйла көбөйүшүнө байланыштуу.


Мурунку жылдары иштелип чыккан фискалдык тартипти жана карыз боюнча катаал саясатты сакташыбыз керек. Жаңы алган карыздарыбыз экономикалык өсүштүн темпинен ашпоого тийиш. Биз карыздарды тескөөнүн мамлекеттик стратегиясындагы параметрлерден чыкпоо үчүн бекем турабыз.


Мындан аркы өнүгүү боюнча олуттуу сыноо – бул квалификациялуу кадрлардын жетишпегендиги. Жумушчу күчүнүн ашыкча болгондугуна карабастан учурдагы технология процесстеринде талап кылынган билимге ээ болуп, иштин ыгын билген квалификациялуу кадрлардын жетишпегендиги байкалат.


Буга байланыштуу Өкмөт бүгүнтөн келечекти ойлоп, ушул өндүрүш факторун калыптандыруу багытында жигердүү аракеттениши зарыл. Бул үчүн кесиптик билим берүүдө инженер кадрларына басым жасоо менен мамиле жасоо керек.


Кийинки убакта чек ара жана чек ара жанындагы аймактардын өнүгүшү өзгөчө актуалдуу боло баштады.


Чек араны чектөөнүн бүтө электиги, анын ачык болуп жатканы суу жана жер талашуу, жерди, жайыттарды жана токойлорду мыйзамсыз пайдалануу, “жылып жүргөн” тышкы миграция маселелеринин, бажы - чек ара конфликттеринин себеби болуп жатат.


Чек ара маселелери боюнча улуттук кызыкчылыкты коргоо максатында мамлекеттик чек араны чектөө иштерин тездетүүгө өтө чоң маани берүү зарыл. Ошону менен катар чек ара жанындагы райондордо жашоо шартын жакшыртуу аларды жол куруу жана ирригацияны жакшыртуу аркылуу капиталдаштырууга терең көңүл буруу керек. Андан тышкары чек ара жанындагы райондорго социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча колдоо көрсөтүлөт.


Биздин көңүлүбүздүн борборунда - криминалдык коркунучтар, биринчи кезекте наркотрафик, терроризм, диний экстремизм болушу керек. Биз өлкөнү криминалдан арылтуу боюнча 2005-жылы марттан кийин баштаган иштерди аягына чыгаруу зарыл.


Бардык экономикалык жана социалдык маселелерди чечүү үчүн башкарууну олуттуу жаңылоо талап кылынат. Ал коомдун рынок принциптери менен жашоосуна ылайык болууга тийиш. Мындагы негизги милдет – жарандардын аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлигинин башкаруу түзүмдөрүнө болгон ишенимин калыбына келтирүү.


Кезектеги маселелерди жана жыртык-тешиктерди бүтөө менен алек болгон убакыт артта калды. Келечек жөнүндө ойлонууга убакыт келип жетти. Мен Кыргызстандын дүйнөлүк жана регионалдык системалардагы узак мөөнөттөгү ролу жана орду жөнүндө айтып жатам. 2035-жылга чейинки келечектеги өнүгүүбүздүн үлгүсүн аныктоо зарылдыгы курч болуп турат деп эсептейм.


Биздин аткаруу бийлигибиз мындай ишке даяр болууга тийиш. Министрликтерден жана ведомстволордон иштин программалуу принципте болушун камсыз кылуу талап кылынат. Бул Өкмөттүн ар бир кадамы, анын ар бир чечими стратегиялык параметрлер менен бекем байланышта болушу зарыл дегенди билдирет. Өкмөт аныкталган пландарды так аткарып жана коюлган максаттарга жетүүсү керек. Тиги, же бул жерде маселе пайда болгондон кийин гана ойгонуп, кыймылдай баштаган өрт өчүрүүчү командага окшогондун кажети канча?! Өкмөт жемиштүү натыйжага умтулууга милдеттүү.


Бул үчүн аткаруу бийлигинин түзүмү акылга сыйгандай жана рационалдуу болуп, мамлекеттик аппарат экономикалык саясаттын иштиктүү инструменти болуусу керек. Менин оюмча бүгүнкү күндө чечимдерди иштеп чыгуу, кабыл алуу жана аткаруунун натыйжалуу жана так технологиясын колдонуу менен башкарууга жаңыча мамиле жасоо керек. Азыр болсо иштин мазмунуна эмес, сырткы көрүнүшүнө багытталган тартип болуп жатат.


Мамлекеттин кийлигишүүсү ашыкча болгон чөйрөлөрдө тартипти жигердүү орнотуу керек. Мыйзамда каралбаган тастыктоо, уруксат берүү, каттоо, аккредитациялоо, башка нормалар жана эрежелерге тыюу салуу зарыл. Өкмөттүн ар бир чечими, ар бир нормативдик акт кабыл алынаардын алдында бул канча турат жана мындан эмне майнап чыгат деп бааланып, натыйжасы кандай болоорун алдын ала тактоо зарыл.


Реформалардын ийгилиги ишкерлер менен коомдо башка, турмушка көбүрөөк туура келген көрсөткүчтөр аркылуу өлчөнөт. Тиги, же бул мамлекеттик түзүмдө кезек күтүү канча саатка созулат, уруксат алыш үчүн канча күн керек болот, документтердин канча томун жыйноо зарыл, бул өлкөдө өзүнүн бизнесинин тагдыры кандай болоорун алдын ала билүүгө болобу деген суроолор аркылуу алар реформаларга баа беришет. Булар мамлекет тарабынан чечим кабыл алып жатканда эске алынууга тийиш.


Мамлекет коомго, бизнеске жана тышкы инвесторлорго Кыргызстанда адам укугу жана менчикти коргоо, мыйзамдын улуктугу камсыздалганына кепилдик берүүгө тийиш. Буга байланыштуу бүгүнкү күндө бизге сот реформасы аба менен суудай зарыл.


Өткөрүлгөн реформалардын натыйжасында сот саясий кысымдан, ал эми процесске катышкан субъекттер соттун саясий көз карашынан корголушу кажет. “Присяжный заседатель” деп аталган элдик калыстардын катышуусу менен болгон соттоо механизмдерин киргизүүнү тездетүү зарыл.


Ишкердиктин өнүгүшүнө шарт түзүү үчүн сот жүргүзүүнү жөнөкөйлөтүүгө жана коммерция иштери боюнча сот процесстеринин мөөнөтүн кыскартууга багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Сотто каралган иш боюнча мамлекеттик жыйымдарды алуунун тартиби жана өлчөмү өзгөртүлөт. Сотту башкаруунун жана ал боюнча маалыматтын бирдиктүү системасы киргизилет. Бул болсо иштерди бөлүштүрүүнү тездетип, жарандардын сот чечимдери менен таанышуусуна шартты камсыз кылат.


Бүгүнкү күндө мамлекет жеке секторго жогорку квалификациялуу кадрлар үчүн болгон конкуренцияда жеңилип калууда. Буга байланыштуу башкаруунун бардык чөйрөсүндө ырааттуу иш чаралар каралмакчы. Мында тийиштүү стимулдарды түзүүгө жана бийликтин бардык бутагындагы кызматкерлерди эмгегине жараша сыйлоого басым жасалат. Мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу - бюрократиялык аппаратты бир эле убакта кыскартуу менен бирге коррупцияны азайтуу үчүн көрүлгөн иш чаралардын бири болуп саналат.


Эми конституциялык реформа жөнүндө сөз кылалык.
Конституциялык өзгөртүүлөрдүн ноябрь жана декабрь варианттары мыйзамга туура келбейт деген Конституциялык соттун чечими бир гана нерсени билдирет: конституциялык реформа тунгуюкка барып такалды.


Ачыгын айтайын бул мен үчүн оңой эмес кабар болду. Бирок Конституциялык соттун материалдары жана корутундулары менен таанышкан соң мыйзамдын тууралыгын жана улуктугун моюнга алуудан башка арга калган жок. Эч кимге, Президентке, өзгөчө Жогорку Кеңешке эч кандай шартта мыйзамдын нормаларынан тайыганга жол берилбейт. Бул бардыгыбыз үчүн ачуу сабак болуп калышы керек.


Эгерде чынын түз айтсак өлкөнүн Конституциясы саясий күрөштүн курмандыгы болуп калды. Ушул мезгилде өлкөнү жана коомду башкарууну өркүндөтүүнү, жарандардын кызыкчылыктары жана алардын укуктары менен эркиндиги боюнча ырашкерлик табууну көздөбөстөн, мамлекеттик системанын ар түрдүү саясый күчтөрдүн ортосундагы бийлик үчүн күрөштү көздөө менен реформаланып келген. Бийликтин айрым бутактары көз каранды эмес позициядан үстөмдүк кылуу позициясына өтүүнү, өздөрүнүн конституциялык ыйгарым укуктарын чени жок ашыра кеңейтүүнү, ошол эле учурда конституциялык жоопкерчиликтен кутулууну көксөгөн.


Көчө кысымы астында өлкөнүн Баш мыйзамын тиги, же бул саясий шартка, же топторго жараша өзгөртүүгө болот деген пикир үстөмдүк кылган. Ноябрда дагы, декабрда дагы конституциялар иштеп жаткан Конституцияны жана мыйзамдарды бузуу менен кабыл алынган. Бүгүн биз бул үчүн өзүбүздүн да күнөөбүздү моюнга алууга тийишпиз. Татаал чечим кабыл алып жатып биз жарандык тынчтык жана республикадагы стабилдүүлүктү сактоону көздөдүк.


Эки жылдык конституция реформасына байланышкан саясый “көкбөрүчүлүктөн” чыккан негизги тыянак – баарына чекит коюуга убакыт келди. Мен өлкөнүн мурунку Конституциясын түп тамырынан кайра карап чыкмайынча, аны чыныгы элдик башкаруу үлгүсүнө келтирмейинче демократиялык саясий режим орнотуу мүмкүн эмес деп ишенем жана дайыма бул жөнүндө айтып келгем. Бул калктын көпчүлүгүнүн, жарандык сектордун, коомдук жана саясий ишмерлердин талабы. Акыйкат сөз - март революциясы нак ушул ураан астында болду. Жана мен элдин бул талабын аткарууга ниеттенем.


Андыктан мен бүгүн быйылкы жылдын 21-октябрында жалпы элдик референдум өткөрүү жөнүндө Жарлыкка кол койдум жана анын кароосуна өлкөнүн Конституциясына өзгөртүүлөр долбоорун киргиздим.


Бул жылдары Конституциялык кеңешмеде талкууланган, ар түрдүү жумушчу топтору иштеп чыккан идеялар долбоордун негизин түздү. Конституциялык соттун пикирин эске алдык.


Конституциянын өзөгү болуп Жогорку Кеңештин курамын саясий партиялардын өкүлдөрү аркылуу түзүү эсептелет.

2005-жылы болуп өткөн парламентке шайлоолор жана 2006-2007-жылдары болгон кошумча шайлоолор Кыргызстандын шартында өкүлчүлүк органдарына бир мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча айыгышкан күрөштөр – эл ичине бүлүк салган опуртал көрүнүштөрдүн башын ачты. Шайлоочулардын добушун сатып алуу, калкты ар бир айылда, атүгүл ар бир үй-бүлөдө бөлүп-жаруу өкүм сүрдү. Тиги, же бул талапкерди жактагандардын куралдуу тирешүүсүнө, шайлоо комиссияларына кысым көрсөтүү жана сот органдарын басып алганга дейре башалдамандыктар болду. Кеч болуп кала электе мунун баарын токтотолу!

Бүгүнкүдөй Жогорку Кеңеш жана парламенттин депутаттары эч кимге отчет беришпей жана элдик көзөмөлгө алынбаганы такыр жол берилбей турган нерсе. Бул абдан коркунучтуу натыйжага алып келиши мүмкүн экенине баарыбыздын көзүбүз жетти. Депутаттардын чакан эле тобу жердештеринин тар кызыкчылыгын, же ишкерлердин майда бир тобунун кызыкчылыгын көздөп, маанилүү мыйзамдарды кабыл алууга бөгөт болуп, же алардын жеке пайдасына жооп берген мыйзамдарды жылдырганга күчү жетээрин көрүп жүрөбүз.

Жогорку Кеңеш коомдук көзөмөлгө алынуусу зарыл. Партиялык тизме менен шайланган депутаттар ишенимди актабаса аларды сунуш кылган партиянын чечими менен мандаттан ажыратылууга тийиш.

Мындай системада саясий партиялардын ролу түп тамырынан бери өзгөрөт. Бул биз үчүн абдан маанилүү.


Бизге аракеттеринин стратегиясын аныктай алган, өздөрүнүн идеяларын жана чечимдерин ишке ашыра ала турган жоопкерчиликтүү партиялар керек. Партиялык тизмелер боюнча шайлоолор, Өкмөттү түзүүдө партиялардын ролунун жогорулашы -бүгүнкү күндө эң негизги маселе.


Сиздер билгендей шайлоолор партиялык тизме боюнча өткөрүлө турганы жөнүндө чечим былтыр ноябрда эле бекиген. Андан бери бир жылдай болуп калды. Бирок Жогорку Кеңеш азыркыга чейин Шайлоолор жөнүндөгү кодекске керектүү оңдоолорду кабыл алган жок. Эмне үчүн экени түшүнүктүү. Жогорку Кеңештин азыркы курамында саясий партиялардын өкүлдөрү абдан аз. Мажоритардык округдар болсо депутат-бизнесмендердин көптөгөн кайыр-садагасына тоюп бүткөн. Жогорку Кеңештин азыркы курамынын көпчүлүгү партиялык системага өткөндү каалабайт жана колунун келишинче буга тоскоолдук кылып жатышат. Андыктан Конституциянын долбоору менен бир эле убакта биз референдумга Шайлоолор жөнүндөгү кодексти чыгарып жатабыз. Бул жаңы партиялык система боюнча шайлоолордун укук механизмдерин мүмкүн болушунча тезирээк бекитүү зарылчылыгына байланыштуу.


Сиздер билгендей Президент катары мен саясий партияларга нейтралитет сактап келгем. Тиги, же бул саясий күчтөр мен сунуштаган өнүгүү идеяларын колдойт, коалиция негизинде түзүлгөн өкмөт аларды ишке ашырат деп ойлоп келгем.


Бирок биз койгон максаттар саясий талаш-тартышка басылып, тепселип калганын көрүп турам. Азыркы саясий партиялар өлкөдөгү иштер үчүн жоопкерчилик сезбей жана эң кыйын дегенде бийликтин кемчиликтерин сындоо менен гана чектелишкенин дагы көрүп жатам. Албетте бийликтин кемчилигин сындоо абдан маанилүү. Бирок бизге ишти колуна ала турган, өкмөт түзүп жана көздөгөн максатка жете алган саясий күчтөр аба сыяктуу абдан керек.


Конституциянын сунуш кылынган долбоорунда Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин статусу кыйла жогорулайт. Алар гана аткаруу бийлигинин биринчи жетекчилерин – премьер-министрди, шаарлардын мэрлерин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын дайындоодо негизги ролду ойношот.


Муну менен бирге Конституция аткаруу бийлигинин вертикалын чыңдоого, акимдердин ролун жана жоопкерчилигин жогорулатууга тийиш. Айта келсек алар аймактардагы президенттин өкүлүнө айланат. Аларга мамлекеттик бийликтин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө жана ишке ашыруу, иштер мыйзамдардын чегинде болушун камсыз кылуу жана калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү жүктөлөт.


Бийликтин бардык бутактарынын ишинин сапатын жана жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча башка дагы өзгөртүүлөр бар. Кайталап айткым келет – алардын бири дагы Ак үйдүн кабинеттеринде ойлонуп табылган жок. Ар бир сабында элдин үнү, анын ичинде оппозициянын да көз карашы, адистердин сунушу, бир нече жумушчу топтун эмгеги турат. Мен бул пикирди референдумга чыгаруу укугун гана колдонуп жатам.


Негизгисин баса көрсөткүм келет – реформанын максаты тиги, же бул органдардын бийлик боюнча ыйгарым укуктарын эмес, адамдын укугун коргоо, жоопкерчиликти бийликтин бутактарынын ортосунда оош-кыйыш кылуу эмес, бийликтин жоопкерчилиги болушуна жетишүү. Бизге баардыгына бирдей болгон Конституция керек.


Өлкөнүн Конституциясынын жаңы редакциясын кабыл алуу ушуну менен Конституция реформасынын биринчи этабын соңуна чыгарат. Мындан ары биздин мыйзамдарды жана бийлик органдарынын системасын жаңы Конституцияга ылайыктап тартипке келтирүү милдети турат. Биз муну мүмкүн болушунча тез бүтүрүп, саясий салгылаштарды жыйыштырып жана экономикалык жана башкаруу маселелерин чечүүгө күч топтошубуз зарыл.
Урматтуу мекендештер!


Сиздер көрүп тургандай өлкөнүн алдында турган стратегиялык максаттарды ишке ашыруу үчүн мурунку социалдык-саясий мамилелер, эски чарба ыкмалары жетишсиз, жаңы кадамдар зарыл болуп турат. Биз азыр экономикалык өсүштүн сапаты, кыргызстандыктардын жашоо турмушунун сапаты, өлкөнү башкаруунун сапаты жөнүндө ойлонушубуз керек. Бул биздин алдыбызда экономиканы жаңылоо, адамдарды, региондорду жана бүткүл өлкөнү капиталдаштыруу милдетин коёт. Биз келечектеги мүмкүнчүлүктөрүбүздү бекемдөөбүз жана кеңейтүүбүз зарыл.


Баарыбыз азыр эркибиз, устаттыгыбыз жана демилгебиз өлкөбүздүн узак мөөнөттүү ийгилигин аныктаган мезгилде жашап жатабыз. Биз учурдагы саясий туруктуулук жана экономикалык өсүш акыры Кыргызстандын өркүндөп өсүшүнө өбөлгө болсун деп колубуздан келген аракетти аябашыбыз керек.


Биз баарыбыз тең мекендештерибизге береке каалайбыз, канткенде алардын турмушун оңойбуз, канткенде өлкөбүз бай жана кубаттуу болот деп ойлойбуз. Бул мааниде биз баарыбыз бир партия, бир күчтү түзөбүз.


Келгиле бирге жана жакшыраак иштейли. Биздин өлкөнүн өркүндөп өсүшү үчүн, биздин элибиз үчүн иштейли.
Ыракмат!

XS
SM
MD
LG