Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариевдин айтымында, президент Курманбек Бакиев парламент кечээ кабыл алган «Референдум жөнүндөгү» мыйзамга кол койбой туруп, референдум жарыялоо аркылуу мыйзамды бузду. Темир Сариев ошондой эле «Азаттыкка» берген интервьюсунда референдумдан кийин парламент таратылып, февраль айында парламенттик шайлоо дайындалышы мүмкүн деп болжоду . (BuS)