Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

НАЗАРБАЕВДИН МУРДАГЫ КҮЙӨӨ БАЛАСЫНЫН САКЧЫЛАРЫ АВСТРИЯДАН КАЙТЫШТЫ


Президент Назарбевдин качкындагы мурдагы күйөө баласы Рахат Алиевдин эки күзөтчүсү Казакстанга өз ыктыяры менен кайтып келишти. Алар дүйшөмбү күнү жасаган билдирүүсүндө мурдакы кожоюндарынын мыйзамсыз иштерин өз учурунда туура баалай алышпаганына өкүнүчүн айтышты. Ырасмий Астана күзөтчүлөрдүн көрсөтмөлөрү Алиевди Австриядан өткөрүп алууга чоң өбөлгө болот деп үмүттөнөт.

17- сентябрда Казакстандын ички иштер министринин өкүлү Багдад Кожакметов Рахат Алиевдин эки жан жигитин журналистерге тааныштырды:

-Бүгүн издөөдөгү Айдар Бектыбаев менен Сергей Кошлай Казакстандын күч органдарына кайрылышты жана өз ыктыярлары менен (Рахат Алиевдин) ишин тергөөгө көмөк көрсөтөөрүн билдиришти.

Бектыбаев менен Кошлайдын мекенине кайтып келүүсү Рахат Алиевдин таразасын жеңилдетти. Бир кездерде маанилүү өкмөттүк кызматтарда иштеген Рахат Алиев акыркы жылдары Австрияда элчи болчу. Май айында элчиликтен бошотулгандан бери Австрияда жашайт. Бул жерде арам акчаларды мыйзамдаштарды деп абакка салынганда 1 миллион евро күрөө төлөп, эркиндик алган.

Казак бийликтеринин экс- күйөө баланы өткөрүп берүү талабын Австрия соту адилетсиз болот деп четке кагып келет.

Алиев 2004-жылы дайынсыз жоголуп, сөөгү быйыл августта Түштүк Казакстанда табылган телекабарчы Анастасия Новикованын өлүмүнө тиешеси бар деп да күнөөлөнүүдө. Кээ бир маалымат булактарынын жазышынча, Алиевдин Новикова менен ымаласы ысык болгон.

Назарбаевдин качкын күйөө баласы Казакстандагы ири банктарынын бири- Нурбанктын жооптуу жетекчилерин уурдап өлтүрүүнү уюштурганын тастыктаган да далилдер бар экени да айтылып жүрөт. Бирок, экс- күйөө бала өзүн саясый куугунтуктоонун курмандыгы деп санайт.

Бектыбаев окуп берген Кошлай экөөнүн билдирүүсүндө мурдакы кожоюндарынын мыйзамсыз иштерин өз учурунда туура баалай албашканын мойнуна алышты жана алар Австрияны кандай таштап кетишкенин өзгөчө белгиленет:

-Тилекке каршы, Рахат Алиевдин өзүм билемдигинен улам түзүлгөн жагдайды туура баалабаганыбызды, анын түрдүү мыйзамсыз иш- аракеттерине каршы чара көрбөгөнүбүздү эми гана аңдадык. Биз Рахат Муктарович Алиевдин жетегинен өз ыкласыбыз менен чыкканыбызды жана Ата журтубузга келүү үчүн өз мүмкүнчүлүктөрбүздү, ошондой эле кызмат тажрыйбабызды пайдаланганыбызды билдиребиз.

Бектыбаев кожоюндары аларды Австрияда алдап жүргөнүн да кошумчай кетти:

- Австрияда жүргөнүбүздө Рахат Алиев бизге өзүнө ыңгайлуу гана маалыматтарды берип турганына эми көзүбүз жетти. Ал иштин чын жайын бизден эле эмес, Австриянын да сот органдарынан атайылап жашырган. Анүчүн Австриядагы ырасмий жана жеке байланыштарын, ошондой эле таасирлүү ишкерлер чөйрөсүн пайдаланды.

Талдоочулардын айтымында, Алиев мурдакы кайын атасы Назарбаевдин үй бүлөсү, ички чөйрөсүн жакшы билген менен катар коопсуздук кызматынын жетекчилеринин бири болуп иштегендиктен өлкөдөгү коррупциядан жакшы кабардар. Андыктан, ырасмий Астанада Алиев Казакстанга кайтарылгандан мурда тыш өлкөлөрдүн маалымат булактары менен эларалык сотко уяттуу сырды ашкерелеп койот деп чочушат.

XS
SM
MD
LG