Илимпоз Халех Эсфандиари менен журналист Парназ Азим мындан эки күн мурда Вашингтонго кайтып барышты. Экөөнү тең ирандыктар майдан бери ислам сотунун “жаргылчагына” салып, жакшы эле ийлешти. Алардын мисалында АКШ менен кызматташкандардын башы кандай азапка малынарын жергиликтүү калк жете түшүнгөндөй болду. Андыктан аларды мындан ары Тегеранда кармап туруунун кажети калбады дешет байкоочулар.
Азат болгон эки аял менен бирге кармалган социолог Киан Тажбахш дале түрмөдө. Анын соту августта болмок эле, азырынча процесс баштала элек. Ага жана активист- бизнесмен Али Шакериге Ирандын улуттук коопсуздугун бүлүнтүүнү көздөгөн деген айып коюлган. Шакерини Тегеранга жакын түрмөлөрдүн биринде дешкен, бирок абаккердин туугандары анын дайынын таба албай жатышат.
Быйыл мартта Иранда америкалык дагы бир жаран – ФБРдын мурдагы агенти Роберт Левинсон дайынсыз жоголуп кетти. Экс-агенттин аялы Кристин күйөөсү Киш аралына учуп барып, ошондон бери ың-жыңы чыкпай кетти дейт. АКШ, Иран бийликтерине, дипломатиялык мекемелерге, эл аралык уюмдарга кайрылып жатып, Кристин ак мокоду. Эми Нью-Йоркко Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясына келгени жаткан иран президентине жолукканга үмүт кылууда. Кристин күйөөсүн дале Киш аралында болуу керек деп болжолдойт. Башка өлкөдөн анын изи табылбады.