Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:59

«МЫНА УШУНДАЙ БОЛMОК!»


Бүгүн жарык көргөн гезиттердин баары КР президенти Курманбек Бакиевдин кечээ күнкү Кайрылуусуна карата түрдүү көз караштагы ой-пикирлерди жарыялоодо.

«Мына ушундай болмок!» деген рубрика алдындагы «Лица» гезитинин баштемасы «Ар кандай революциянын тагдыры диктатура менен аяктайт» деп аталып, эми мындан ары Кыргызстанда президенттик партия жана президенттик Конституция болору баяндалат. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, эгер референдумга жакшы суроолор коюлуп, таза өтө турган болсо өлкөдөгү буга чейинки башаламандыктар жоюларын, Бакиевдин өз партиямды түзөм дегени аны таңкалтырганын, демек казактардын жолун тууроо коркунучу барын, өлкөдө жалгыз партиянын үстөмдүгүн орнотуу аракети жакшылыкка алып келбестигин айтса, депутат Дооронбек Садырбаев, шайлоо эркиндиги да, сүйлөө эркиндиги да адамдарга Кудай тарабынан берилгенин, эми мындан ары ал шыбагадан да ажырарыбызды, референдум аркылуу жаңы Конституция кабыл алынары менен акаевдыкыкнан да мурдакы Усубалиев доору башталарын, коңшу казактардыкындай бир партиялуулукка өтөрүбүздү, алардыкы «Нур Отан» деп аталса, кыргыздардыкы «Кур Отан» деп аталарын айтты.

Ушул эле маселе боюнча гезитине депутат Исхак Масалиев, тирешкен абалдан чыгуунун мыкты жолун мамлекет башчысынын кайрылуусу көрсөткөнүн, Курманжан Датка фонд төрайымы Жылдыз Жолдошева, эми референдумга президенттик-парламенттик, парламенттик, президенттик башкаруу жөнүндөгү суроолорду койсо болорун, депутат Мелис Эшимканов, президент олуттуу кадамга барганын, эми калганы парламент менен өкмөттө калганын, Кайрылуудагы эң башкы жаңылык катары парламенттик шайлоонун парттизме менен өтөрүн белгилээрин, Кыргызстан компартиясынын 1-катчысы Клара Ажыбекова, өтө олуттуу жана чечкиндүү кадам жасалганын, депутат Кубанычбек Исабеков, президент туңгуюктан чыгуу үчүн батыл кадамга барганын, бул жападан жалгыз туура жол экенин, «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев, революциядан кийинки эки жылдан бери карай эл президенттен качан ушундай кадам жасайт деп күтүп келгенин, эми референдум баягы Акаев доорундагыдай сценарий менен өтөт деген чочулоону таптаакыр жокко чыгарарын, анткени акаевдыкындай референдум өткөрүүгө эл эч качан жол бере койбостугун, ошондуктан Элге да, Мамлекеттин бардык органдарына да, Президентке да өткөн жылдардын катасын кайталабоону суранып кайрыларын, кайрылуудагы парламенттик шайлоонун партиялык тизме менен өтөрүн эң жогорку саясый окуя деп эсептээрин, эми паламенттин тарай тургандан бөлөк жолу калбаганын, анын эң биринчи жана эң жеңил жолу- өзүн өзү таратуу жолу экенин, экинчи жолу- президент референдумга парламентти таратуу маселесин алып чыкса болорун, үчүнчү жолу- аз убакыт ичинде парламентти таратуу үчүн Топчубек мырза 300 миң кол чогултуп келерин, бирок ага жеткирбей эле же өзү тарап же президент тарабынан таратылса болорун айткан.

«Апта» гезитине президентке караштуу адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун интервью берип, Өмүрбек Субаналиевдин кайрадан Акүйгө келиши бийликке да, өзүнө да кадыр-барк алып келбестигин, бул адам ар дайым бир быякка, бир тыякка секрип турарын, Акаев учурунда ал Нарын облмилийсасына начендик боло калып, кийин Омбудсменге, андан кийин Куловго өтө качканын, ошондо бийлик дарегине жаман сөздөрдү сүйлөгөнүн, бул туруксуздук экендигин, ал эми депутаттар М.Эшимканов менен К.Карабеков көөп кетишкенин, эми Кыргызстанда укуктук башаламандыкка жол ачылганын, өткөн ноябрдын тогузунда Ч.Баекова анын жанында олтуруп, «Конституцияны кандай кабыл алсаңар боло берет» деп айтып, алтургай учредителдик жыйынды да колдогонун, эртеси ал Конституцияны Кулов менен Бакиев жок кылган соң Баекова айым декабрдагы Конституцияны мыйзамдуу дегенин, ал анан ага « өткөндө ноябрдагы Конституцияны колдодуңуз эле, жок дегенде муну колдобой койбойсузбу?» десе, «жок аны да колдойм» деп жооп бергенин, эми бүгүн экөөн тең жокко чыгарганын… Консоттун азыркы чечимин депутаттардын 90 пайызы колдобой жатканын, демек коомчулук да колдобостугун билдирди.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG