Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

ШВЕЦИЯДАГЫ “АЗИЛ СҮРӨТ” МУСУЛМАНДАРДЫ АЧУУЛАНТТЫ


Мукамбет пайгамбарга деп тартылган азил сүрөт, албууттанган эл, сөз эркиндиги тууралуу талаш-тартыш – ушул окуялардын баары былтыр Данияда ыктымал Мукамбет пайгамбарды мыскылдаган сүрөттүн тегерегинде болгон эле. Эми Европада дагы бир жаңжал тутанууда. Бул ирет Швецияда карикатурист сүрөтчү ыктымал пайгамбардын башын иттин денесине жабыштырып салган.

Стокгольмдогу жайкы сүрөт көргөзмөсү ушул карикатуралык эмгек болбогондо көпчүлүктүн көз жаздымында калат эле. Карандаш менен тартылган сүрөттө мусулмандар ыйык туткан Мукамбет пайгамбардын башы иттин денесине жабыштырылган. Сүрөттүн автору Ларс Вилкс бул эмгеги аркылуу көркөм өнөрдө ойдогуну чагылдыруу чектерин кеңейтүүнү көздөгөнүн айтат.

- Эң башында көркөм өнөр дүйнөсүндө кандай мүмкүнчүлүктөр бар, саясий жактан чектөө барбы деген кызыгуу болду. Анткени албетте, мен пайгамбарды ит кылып көрсөтүү саясий ката экенин түшүнгөм. Итти кошконум – көргөзмөнүн уюштуруучулары дал ушул жаныбар темасына кайрылсаңыз деп суранышкан эле. Мен 3 сүрөттү сунуш кылдым, көргөзмөгө көп көркөм чеберлер катышты. Бирок менин сүрөттөрүм коопсуздук маселелеринен улам цензурадан өтпөй, коюлбай калды.

Вилкстин сүрөттөрү көргөзгөмөгө коюлбаганы маалымат каражаттарынын чоң кызыгуусун жаратты. Швециядагы Оребро шаарында чыгуучу “Нерикес Аллеханда” аттуу гезит ой-пикирди эркин билдирүү жана цензура маселесине арналган макаласына Вилкстин карикатуралык сүрөтүн кошуп жарыялады. Ал макала жарык көрөөр замат Швециялык мусулмандардын, ага удаа Пакистан менен Иранда нааразылык акциялары болуп өттү.

- Биздин таң калганыбыз: Эмне үчүн пайгамбар? Эмне үчүн жалаң мусулмандар? – деп суроо коет Оребро шаарындагы Ислам борборунун басма сөз өкүлү Жамал Ламхамди. Ал гезитте мыскылдуу сүрөт жарыялангандан кийин алардын борборуна жүздөгөн мусулмандардан нааразы каттар түшкөнүн, андан улам ал өзү басылманын редакторуна кат жазганын айтат.

- Оребродогу мусулмандардын баары сүрөтчү кечирим сурасын деп жатышты. Вилкс кечирим сураган жок, ал бул болгону Швециядагы эркиндиктин бир бөлүгү деп туруп алды. Биз болсо: “Биз да ошол эркиндиктин бир бөлүгүбүз, биз мусулманбыз, биз да ушул өлкөдө жашайбыз, биз да мыйзамдарды жана башканы сыйлаган жарандарбыз, ар нерседе чек болушу керек, силер бирөөнү шылдыңдасаңар ал жөн калбайт. Бул өтө олуттуу маселе”, - деп айттык. Кат жазгандан кийин мен ага шаарда ачуулангандар толтура, демонстрацияга чыгабыз деп эскерттим.

2005-жылдын аягында Данияда ыктымал Мукамбет пайгамбардын селдеси бомбага айландырылган сүрөттөн улам мусулман дүйнөсүндө миңдеген кишилер көчөгө чыгып, айрым жерлерде демонстрациялар кагылышуулар менен аяктаган. Анын чуусу басаңдап келатканда эми Швецияда жарыяланган сүрөттөн улам “Аль-Каида” уюмунун Ирактагы бөлүмү анын автору Вилксти өлтүрчү кишиге ири сыйлык жарыялады. Швециянын премьер-министри Фредрик Рейнфелдт Даниялык кесиптешинен айырмаланып, окуяга ыкчам реакция жасап, 20дан ашуун мусулман өлкөсүнүн элчилери менен жолугуп, адамдардын диний сезимдерин мыскылдаган сүрөт үчүн өкүнүчүн билдирип, ошол эле маалда өз өлкөсүндө эркин ойлонуу принциби жогору коюлаарын белгилей кетти. Ал тапта Ларс Вилкс жаңжалдуу карикатуралык сүрөттөрүн шейшембиде Стокгольмдогу семинарда көргөздү. Ал “чырлуу сүрөттөрдү полиция кеңеш бергендей жаап-жашырбайм, бирок жеке коопсуздугума кам көрүү чараларын күчөттүм”, - деп билдирди чогулгандарга.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG