Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

БАКЫДА КЫРГЫЗСТАНДЫК БАЛБАН Б. БАЗАРГУРИЕВ КОЛО МЕДАЛЬ УТТУ


Азербайжандын борбору Бакы шаарында грек-рим жана эркин күрөшү боюнча чоңдор арасында дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Базар Базаргуриев коло байгелүү болуп, Бээжин олимпиадасына жолдомо алды.

Бакыдагы дүйнөлүк таймашууга грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандан тандалган жети балбан катышып, бирөө да ийгилик жарата албады.

60 кг салмакта Кыргызстандын намысын коргогон 15-Азия оюндарынын коло байге ээси Руслан Түмөнбаев венесуэлалык атаандашы Эндрих Артегага упайдын айырмасы менен алдырып коюп, таймаштан чыгып калды.

66 кг. салмакта кыргыз спорт күйөрмандардын үмүтүн жандырган Азия чемпиону, былтыркы дүйнө биринчилигинин күмүш медаль ээси Канат Бегалиевге чучукулак кармоодо туннисттик Хамза Лоуати туш болгон. Канат аны ишенимдүү утканы менен чейрек финалда армениялык Арман Адикяндан аз упай менен утулуп калды.

74 кг салмакта күрөшкөн Азия чемпиону, 14-15-Азия оюндарынын жеңүүчүсү Данияр Көбөновдун да Бакыдагы дүйнө чемпионатында жолу болбоду. Ал алгачкы таймашууда эле хорватиялык Невен Зугайга жеңилип калды.

Ал эми 84 жана 96 кг салмактарда өлкө намысын коргоого барышкан жаштар арасында дүйнө чемпиону, 15-Азия оюндарынын коло байге ээси Жанарбек Кенжеев менен Азия чемпионатынын коло медаль ээси Азат Эркинбаев биринчи беттешүүлөрдө эле атаандаштрына алдырып койду.

Оор салмакта 15-Азия оюндарынын коло байге ээси Нурбек Ибрагимов венгериялык Деак Бардоско жеңилип, жолу буулду.

Эми грек-рим күрөшүнүн балбандары үчүн Бээжин олимпиадасына жолдомо алуу үчүн алдыда дагы үч Гран-при мелдеш жана келе жаткан 2008-жылы боло турган Азия чемпионаты турат.

Кечээ 19-сентябрда Бакыда эркин күрөш боюнча да дүйнө чемпионатынын алгачкы күч сынашуулары болду. Мында дагы кыргызстандык жети балбан мөрөй талашып жатышат. Жеңил салмакта жаштар арасында дүйнө биринчилигинин жеңүүчүсү Турарбек уулу Нурлан жаштык кылып биринчи беттешүүдө кытайлык Жон Луого утулуп, таймашуудан чыгып калды.

60 кг салмакта күрөшкөн Азия чемпиону Базар Базаргуриев коло байге үчүн күч сынашууда Австрия, Молдова, Украина жана Түркиянын балбандарын жеңип, дүйнө чемпионатынын коло медалын тагынды. Ошондой эле ага Бээжин олимпиадасына жолдомо ыйгарылды.

Өлкөнүн эркин күрөшү федерациясынын вице- президенти, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Жеңиш Дөңбаевдун айтымында Бакыдагы дүйнө чемпионаты курч мүнөздө өтүп жатат. Дүйнөнүн мыкты балбандары баары тең Бээжин олимпиадасына жолдомо жеңип алууга дилгир болууда.

”Кыргызстандык балбандардан эркин күрөш боюнча Азия чемпиондору Базар Базаргуриев менен Алексей Крупняков жана Талант Жекшеновдон үмүт кылып тураган элек. Базар үмүттү актады. Талант менен Данияр Самсалиев мыктылар тобуна илинбей калды. Эми эртең 21-сентябрда килем үстүндө Азия чемпиону Алексей Крупняков чыгып, мөрөй талашат. Ал эми кыздардан жалгыз гана Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү Яна Панова Бакыдан багын сынап көрүүгө барды”,- дейт Жеңиш Дөңбаев.

Бүгүн 20-сентябрда эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбандар, Баатыр Базаров, Талант Жекшенов жана Данияр Самсалиев килем үстүндө таймашууга чыгып, ийгилик жарата алышпады.
Ал эми 21-сентябрда Азиянын чемпиону, мурдакы жылкы дүйнө биринчилигинин коло байге ээси, 14-15-Азия оюндарынын жеңүүсү Алексей Крупняков өлкөнүн намысын коргойт.

Бакыда өтүп жаткан дүйнө чемпионатына балбандарды сүрөөнгө алып үчүн Бишкектен жоон топ күйөрмандар барышкан. Алардын катарында жакында эле өлкөнүн күрөш федерациясынын президенти болуп шайланган Максим Бакиев, улуттук олимпиада комитетинин жетекчиси Мурат Саралинов жана башкалар бар.
Бакыдагы дүйнөлүк таймашуулар 23-сентябрда кыз- келиндердин эркин күрөшү менен жыйынтыкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG