Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:05

ООГАНСТАНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК АСКЕРЛЕР ӨЛКӨДӨ ДАГЫ БИР ЖЫЛГА КАЛМАЙ БОЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага Ооганстандагы эл аралык аскерлерди өлкөдө дагы бир жылга калтыруу жөнүндө Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши 19-сентябрда атайын чечим кабыл алды. Анткен менен ал куралдуу күчтөрдүн катарына аскер жиберген мамлекеттердин өздөрүндө ооган согушуна каршы маанай күчөп баратат.

Азыр Ооганстанда 39 миң чет өлкөлүк аскер бар, алардын 25 миңи НАТО уюмунун жетекчилигине баш ийет, калган 14 миң аскер АКШ менен Британиядан келгендер жана алар өз алдынча аракеттенет. Аскерлердин укук мөөнөтү 13-октябрда аяктайт, ошондуктан аларды өлкөдө дагы бир жылга калтыруу маселеси Бириккен Улуттарда талкууланып, анын Коопсуздук Кеңеши 19-сентябрда ал мөөнөттү дагы бир жылга узартты. Орусия ал чечимди колдогон жок.

Ошол эле 19-сентябрда Алманиянын өкмөтү дагы немис аскерлерин Ооганстанда дагы бир жылга калтыруу жөнүндө чечим кабыл алды, аны эми 12-октябрда парламент бекитүүгө тийиш.

Анткен менен Ооганстанга аскер жиберген айрым мамлекеттеринин калкы арасында бул согушка каршы маанай күчөп баратат. Эл аралык күчтөрдүн курамына 1600 аскер жиберган Нидерланд өкмөтү жакында - аларды Ооганстандан толук чыгарып, же жарымын кыскартышы мүмкүн экенин билдирди жана НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер аны 19-сентябрда сынга алды.

Канада жетекчилиги дагы өз аскерлерин өлкөдөн 2009-жылы чыгарып кетиши мүмкүн деген белги берди жана ооган президенти Хамид Карзай ал тууралуу 19-сентябрда атайын билдирүү жасап, эгер эл аралык аскерлер өлкөнү ташкап кетсе, Ооганстан өз алдынча тартип орното албайт деп эскертти. Азыр өлкөдө эки жарым миң канадалык аскер аракеттенет. Өлкөгө 600 аскер жиберген Румыния былтыр беш жоокерин жоготту жана калгандар арасындагы маанай азыр көп жакшы эмес.

Аны менен катар Европа мамлекеттери Косового 17 миң аскер жиберген, андан тышкары Ливан менен Чад мамлекеттеринде дагы аскер кармайт жана НАТОнун өкүлү Жеймс Аппатурай 19-сентябрда - аскер жетишпей жатканы тууралуу ачык айтты. Ошол эле мезгилде Ооганстандагы аскерлердин жетекчилиги такай - өлкөдөгү күчтөрдүн санын көбөйтсө жакшы болоор эле деп суранат.

Куралдуу күчтөрдүн башчысынын орун басары генерал Маркус Хайнстын айтымында, Ооганстандагы абалды калыбына келтирип, жеңишке жетмейинче, алар өлкөдөн кетпеш керек: "Эң биринчи кезекте биз - бул жерге эмне үчүн келгенибизди унутпаш керекпиз. Ооганстанда 30 жылдан бери мамлекет жок, анын аймагында террорчулар даярдалып жатат, алар болсо башка мамлекеттердин чек араларын тааныбайт. Ушуну унутпаш керек. Эң биринчи кезекте биз өз милдетибизди аткарыш керекпиз, анткени коркунуч эмнеде экенин түшүнөбүз. Коркунуч болсо жоюла элек", - деп билдирди генерал Хайнс 13-сентябрда "Азаттыктын" кабарчысы Ахто Лобжакас менен сүйлөшкөндө.

19-сентябрда эл аралык аскерлер өлкөнүн түштүгүндө талибдреге каршы ири операция баштады, ага эки арым миңге жакын адам катышууда. Анткен менен эл аралык күчтөр Ооганстанда алты жылдан бери аракетенгенине карабай, абал көп оңолбой жатат. Айрым эксперттердин пикиринде, эми 20 жылдан кийин Ооганстан Бангладештин деңгээлине жетсе, ошону жакшы деп эсептеш керек болот.

XS
SM
MD
LG