Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:39

10:15 Маңзаттарды сатууга каршы күрөшкөн ыкчам топ түзүлдү


Мындай бөлүм Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин алдында Улуттар Уюмунун долбооруна ылайык ачылды. Долбоор үч жылга эсептелип, аны ишке ашырууга эки миллион доллар жумшалмакчы. Ыкчам топ Ички иштер министрлигинин, Чек ара кызматынын жана Бажы комитетинин өкүлдөрүнөн турат жана алардын милдети маңзаттар жана аны сатууга кынык алган уюшкан кылмышкерлер менен күрөшүү, бул жаатта маалыматтарды убагында чогултуп, кырдаалга көз салып, убагында аракет кылуу эсептелет. (EBM)

XS
SM
MD
LG