Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

КАЙНАЙ ТУРГАН КАЗАН КАЛКТЫКЫБЫ ЖЕ КАЛПТЫКЫБЫ?


Кыргызстандын массалык маалымат каражаттары президент К.Бакиевдин калкка Кайрылуусун кайта-кайта талкууга алууну улантып жатышат. Гезиттердин көптүгүнөн бир эле саясатчынын бир нече гезиттерге ой-пикирлерин билдирүүгө шарты келип турганы байкалууда.

Өлкө ошентип баш-оту менен дагы бир жолку саясаттын кан-жинине аралашып жатса «Новый Кыргызстан» гезити дүйнөлүк финансы кризисинин эпкини Кыргызстанга жакындап келатканын эскертти. Орусия бул финансы цунамисинен азырынча жапа чегелектигин, бирок кризис кесепетин Борбор Азиянын финансы рыноктору тарта баштаганын, өзгөчө таяктын башы Америка менен Батыш банктарынан байма-бай кредит алып келген Казакстанга тийгенин, анткени алган карызды кайтаруу мөөнөтү демитип киргенин, бул финансы иримине казактар эптеп жансактап келаткан Кыргызстанды да сүйрөп кетерин, себеби өлкөнүн экономикалык тармагы далбаалап ачык жатканын, анын үстүнө Кыргызстанда банк тармагынын 70 пайызы чет өлкөлөргө, көбү Казакстанга таандык экендигин, Кыргызстандын экономика жана соода министрлигинин бөлүм начендиги Роза Ашымбаева билдирди деп жазды.

Ушул эле «Новый Кыргызстан» 1-бетин «Жаңы турмушка жалаң кол чабуулардын астында барабыз» деген баштема менен ачса, «Жаңы ордо» гезити айтылуу жазуучу Ч.Айтматовдун «Президент коомчулуктагы санааларга чекит койгондой болду», Т.Тургуналиевдин «Бакиевди чечкиндүү эмес дегенсиңер…» деген ой-пикирлерине орун берди. «Заман Кыргызстан» гезити да бул темадан четте калбай «Өлкө өнүгүүгө багыт алабы же саясаттын казаны кайнайбы?» деп суроо койду.

«МСН суббота» гезити айрым саясатчылардын пикирине кайрылды. Депутат И.Масалиев, Бакиев айтып аткан жаңы конституция менен тааныш эместигин, бирок жакшылыктан үмүт кыларын, депутат М.Эшимканов, акыры жаны жай алганын, президент анын күткөндөрүн алдабаганын, эң башкысы 21-октябрда референдум болот дегенин, эл дагы ага оң жооп берерин, эми Жаңы Конституциянын авторлору бардык саясый күчтөр менен оппозиция өкүлдөрүнөн болушу керектигин, парламент мурдагыдай эмоцияга алдырып, ага жана Консот менен Боршайкомго каршы бир нерсе жасайм десе жакшылыкка алып келбестигин, депутат А.Келдибеков, мурдатан эле референдумду жактап келгенин, укук коргоочу Т.Акун, президенттин кайрылуусу келечекке багытталган аракеттеги программа болуп калгандыгын айтышты.

Ал эми ушул эле Т, Акун «Агым» гезити аркылуу, Башмыйзамды байпактай алмаштырган бийлик акмакчылыкка барганын, 2003-жылдагы Конституцияга келүүнүн зарылдыгы болбогондугун, бирок өлкөгө мына ушундай бир силкинүүнүн керек экендигин, эми болору болгондон кийин бардык алдыдагы иштерди комиссия түзүү менен кеңешип-кесип туруп чечүү зарылдыгын, антпесек Украина варианты менен баратканыбызды, ал эми парламентти тартуу өлүмгө барабар болорун, ал акыл-эси бар адамдын жасай турган иши эместигин билдирди. Коомдук ишмер Н.Касиев мырза референдумдан кийин Кыргызстандагы саясый абал күчөөрүн, Кайрылуудан саясый маселелердин туруксуздугун, бүтпөгөн ызы-чуу менен күрү-гүүлөрдүн карааны аралап жүргөнүн байкаганын, экономикалык абал мышык ыйлагыдай болуп турганына карабастан, тилекке каршы Бакиев экономиканын бардык түрү боюнча өнүгүп атабыз деп сүйлөгөнүн, парламент эми канчалык жер муштабасын баары бир тараарын, шайлоонун парттизме менен өтөт дегени саясатчыларга жакканын, анткени биринчиден трайбализмдин күчү азайарын, капчыгы калыңдар мурдагыдай айыл-айылды району менен кошуп туруп сатып алмай мүмкүнчүлүгүнөн кол жуурун, экинчиден партиялардын таасири жогорулаарын, бир гана коркунучу- Орусиядагы «Единая Россия», Казакстандагы 82 пайыз менен өз парламентин жасап алган Назарбаевдин «Нур Отаны» сыяктуу опуртал жолго түшүп кеткенден сактануу зарылдыгын, антпесе ызы-чуу кайра күч аларын, оппозиция күзүндө биригерин баяндады.

«Кыргыз руху» кийинки парламенттен ким канча орун аларын өз божомолу менен Бакиевдин ишенген кишилери 48 пайызды, Максим менен Жаныштын санаалаштары-36 пайызды, азыркы министрлер-10 пайызды, кошоматчылар корпусу-5 пайызды, чыныгы мекенчилдер-1 пайызды түзөрүн жазса, Консот өзү 94-96-2003-жылдардагы референдумдарды өткөрүүгө, Акаевдин бийликке үч жолу келишине шарт түзүп келгенин
ошондуктан ноябрь, декабрь Конституциялары да мыйзамсыз кабыл алынганын, бул экөөнө койгон Бакиевдин колу да мыйзамсыздыгын, эми азыркы президент да Акаевдин мыйзамсыз Конституциясы менен шайланган президент болуп жатканын, ошентип олтуруп Кыргызстанда Конституциялык ботко чалынганын белгилеген экс-депутат Бегиш Ааматов, мындан чыгуунун бир гана жолу 93-жылдын Конституциясына кайрылып келүү керектигин, антмейин өлкөдө баары бир туруктуу абал оронбосун, Акаев да кезинде дал ушунтип конституциялык укукту мага берсеңер эле жыргатам деп келгенин, бүгүн Бакиев да ушинтип айтып жатат деп айтты гезит кабарчысы менен бааралашуусунда.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG