Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:49

Ливан антисириячыл депутат Антуан Ганемдин өлүмүнө байланыштуу аза күттү


Буга байланыштуу өлкөдө кечээ банктар, окуу жайлар жана өкмөттүк кеңселер жабык болду. Шаршембиде Бейруттун христиандар жашаган аймагында автоунаага коюлган бомба жарылуусунан депутат менен кошо кеминде дагы алты адам ажал тапкан эле. АКШ президенти Жорж Буш бул окуяны «коркунучтуу кылмыш» деп атады. Бул террордук окуяны Евробиримдик, Орусия жана башка өлкөлөр да айыптап чыгышты. Сирия болсо бул жардырууга эч кандай тиешеси жоктугун айтып, аны «кылмыштуу акт» деп атады.

XS
SM
MD
LG