Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:21

ЖЕТИ МИҢДЕЙ ТИЛДИН ЖАРЫМЫ КЫЛЫМ СОҢУНДА ЖОК БОЛУП КЕТИШИ МҮМКҮН


Дүйнөдө азыр 7 миңдей тил бар. Бирок ушул кылымдын соңуна чейин алардын жарымы жок болуп кетиши мүмкүн. АКШда окумуштуулардын тобу жүргүзүп жаткан иликтөө мына ушундай жыйынтыкты көргөзүүдө. Иликтөөнүн айрым тыянактары ушул жакында жарыяланды. Алардын эсептөөсүнө караганда, азыр дүйнөдө ар бир эки аптада бирден тил унутулууда.

Дүйнөдөгү тилдердин абалы боюнча иликтөөнү Кошмо Штаттардын Пенсильвания штатындагы Суортмор колледжинин ( Swarthmore College)
алдындагы Тил институту ушул эле өлкөнүн Улуттук Георграфия коомунун колдоосу астында жүргүзүүдө. Суортмор колледжинин институту жоголуп бара жаткан тилдерди иликтөөгө адистешкен. Ал эми иликтөөнүн авторлорунун бири, профессор Дэвид Харрисон бул чөйрөдөгү таанымал окумуштуулардын бири деп эсептелинет. Ал өз иликтөөлөрүндө жоголуп бара жаткан түрк тилдерине да көңүл буруп келүүдө.

Профессор Дэвид Харрисондун айтымында, дүйнөдөгү жети миңдей тилдин жарымынын жазуу формасы жок. Андыктан мындай тилдер үчүн жоголуу же унутта калуу тобокелчилиги эки эсе жогору.

Буга чейинки изилдөөлөрүнүн жана дүйнө аймактарына жасаган сапарларынын натыйжасында америкалык окумуштуулар тилдер өтө тездик жоголуп бара жаткан беш аймакты бөлүп көргөзүшкөн. Алар: Түндүк Австралия, Борбордук жана Түштүк Америка, Түндүк Американын түндүк-батыш ыптасы, Чыгыш Сибир жана Кошмо Штаттардын түштүк-чыгышы.

Маселен, Түндүк Австралия кезинде 153 тилдин мекени экени. Азыр алардын дээрлик баары жоголгон. Америкалык окумуштуулар сапары учурунда явуру тилинде сүйлөгөндөрдөн үч, ал эми амурдаг деген тилде сүйлөгөндөрдөн болгону бир адамды табышкан.

Ал эми Эквадор, Колумбия, Перу, Бразилия, Боливия мамлекеттерин камтыган Борбордук жана Түштүк Америка чөлкөмүндө, профессор Дэвид Харрисондун айтымында, 4 кылымдан ашуун мезгил жашап келген тилдерде азыр саналуу гана адам сүйлөйт. Бул чөлкөмдөгү 113 тилдин көбү азыр унутта калган кези. Айрымдары аймакта үстөмдүк кылган испан же португал тилине орун бошотууда.

Түндүк Американын түндүк батышы же Канаданын Британ Колумбиясы, АКШнын Вашингтон жана Орегон штаттары жайгашкан чөлкөмдө жергиликтүү 54 тил биротоло жоголуу алдында.

АКШнын түштүк-батышына келсек, Охлакома, Техас, Нью-Мексика штаттарынын аймагын камтыган бул чөлкөмдө, албетте англис тилинен башка, дагы 40тай тил бар экен. Бирок, соңку эсептөөлөр маселен, индеецтердин ючи деген тилинде сүйлөгөн беш эле адам калганын көргөзгөн.

Орусия, Кытай, Жапония аймактары камтылган Чыгыш Сибирде 23 тил бар. Бирок алардын да көбү жоголуу коркунучунда. Мындай тагдырдан түрк тилдери да куру эмес. Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын тил институтунун директору, профессор Кадыралы Коңкобаевдин айтымында, жоголуп же унутта калып бара жаткан түрк тилдерине Түштүк Сибирдеги тофа, шор, карагас, алтай, хакас, Түндүк Кавказдагы кумук, ногой тилдерин кошууга болот.

Ал эми америкалык лингивист Дэвид Харрисондун тыянагына караганда, унутта калган тилдерге коркунуч туудурган негизги фактордун бири – глобалдык таасири бар тилдер. Андай тилдердин саны азыр дүйнөдө 83 экен. Дүйнө калкынын 80%ы ошол тилдерде сүйлөп, жазышат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG