Облус базарларында ун, нан, өсүмдүк май баалары өсүүнүн үстүндө. Нандын баасы 20-25 сомго чыкты. Дыйкандар ушу жумага чейин чаап-жыйнаган 92 миң тонна буудай облус калкынын керектөөсүнүн 40 пайызын түзөт. Жер толук иштетилбей, быйыл 3 миң гектарга буудай аз эгилгени менен Өзбекстанга сатылып жаткан эгинди көзөмөлдөө начар. Жалалабатта өткөн тегерек үстөлдө токтобогон кымбатчылык элдик толкундоолорду жаратуусу мүмкүндүгү, баа саясатынын жоктугу жана кымбатчылыктан мамлекет элди коргоого албай жатканы белгиленди. Ошондой эле дыйкандарга өкмөттүк колдоо жок болуп жатканы сынга алынды. Сапаттуу үрөн, күйүүчү май, жетишерлик техника менен камсыз болбогон дыйкандардын өстүргөн түшүмүн өкмөт базар баасында сатып алып, каражат менен колдоосу зарыл.(YA)