Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

БИН ЛАДЕН ПАКИСТАНДЫК МУСУЛМАНДАРДЫ МУШАРРАФКА КАРШЫ СОГУШКА ЧАКЫРДЫ


“Ал- Каиданын” жолбашчысы Осама бин Ладен Пакистан мусулмандарын президент Мушаррафка каршы казатка чакырды. Интернет аркылуу 20- сентябрда таркатылган үндөөдөө Мушарраф июлда Исламабаддын Кызыл мечитин сепилге айлантып алган радикалчыл исламчылардын канын төгүп, “каапырга айланды” дейт бин Ладен. Аудиобилдирүү Мушарраф туш тараптан саясый кысымга алынып турганда жасалды.

Перфез Мушарраф сегиз жыл мурда аскерий төңкөрүштө бийликке келгенден бери азыркыдай күчтүү кысымга кабылган эмес. Жума күнү Пакистандын Жогорку Сотунун алдында исламчылар Мушаррафка каршы демонстрация өткөрүштү. Бул демонстрация тынч таркады. Бирок, соттор менен адвокаттар, оппозициячыл партиялар жана эскичил исламчылар бүтүн өлкө боюнча Мушаррафка каршы жүрүштөрдү уюштуруп, шайлоо өнөктүгү учурунда Куралдуу күчтөрдүн башкы командачылыгынан баш тартпаса, 6- октябрдагы президенттик шайлоого катышуусуна жол бербейбиз дешүүдө. Мушарраф өзү кайра президент шайланмайынча, армиянын башчылыгын башка бирөөгө өткөрүп бергиси жок.

Ушундай кыйын кезеңде “ал- Каиданын” ана башынын Мушаррафтын өкмөтүнө каршы казатка чакырган үндөөсү чыкты. Бин Ладен кайрылуусунда Пакистандын Ооганстанга чектеш аймактарында чет элдик ал- каидачыларга каршы урулган соккуну айыптап, Кызыл мечитти аскерий чепке айлантып алган Абдул Рашид Газини жана анын үммөттөрүн жок кылууну сындайт. Ал эми Мушарафты диндештеринин канын төгүп, “каапырга айланды” деп күнөөлөйт:

- Первез (Мушарраф), анын министрлери, жоокерлери жана ага жардам берген бардык нөкөрлөрү (Кызыл мечитте) мусулмандардын канын төгүштү. Мушаррафка өз ыктыяры менен жардам бергендер ал сыяктуу эле каапыр. Ага мажбур жардам бергендер да болду. Мажбурлоо – Шариатта жок мыйзамсыз иш.

Бин Ладен мусулмандарды кандуу жортуулга биринчи жолу чакырып жаткан жок. “Ал- Каиданын” экинчи адамы Айман Завахири Кызыл мечит куралдуу исламчылардын бошотулгандан көп өтпөй Мушаррафка казат жарыялаган эле.

Лахордук саясый талдоочу Ризви Хасан Акбари Кызыл мечиттеги алаамат окуядан кийин мурда Мушаррафты колодогон исламчыл топтор аны калтырып кеткенин айтат:

-Кызыл меиттеги калаба исламчыл топторду Мушаррафтан алыстатты. Айрым байыстуу ислам уюмдары, айрым согушчул ислам топтору- баары өкмөттөн четтеди. Ага чейин кээ бир исламчыл топтор менен элементтер Мушаррафты сүйбөсө да, ага ыктап турушкан.

Мушараф менен Жогорку Сот ортосундандагы таймаш да өлкөдөгү саясый кырдаалга тескери таасир этүүдө. Бул жөнүндө Эларалык кризистик борбордун вице- президенти Марк Шнейдер мындай дейт:

-Арийне, Пакистандын көзкарандысыз Жогорку Соту Мушаррафтын жана Пакистан армиясынын саясый планына чоң бөгөт болууда. Бул план Мушарафты кайра шайлоону, аны президент жана армиянын башкы командачысы бойдон калуусун көздөйт.

Пакистан парламенти жаңы президентти 6- октябрда шайлайт.
XS
SM
MD
LG