Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:03

Пакистандын түштүк чөлкөмүндө алкоголго ууланып, 27 киши каза болду


КАРАЧИ. Пакистандын түштүк чөлкөмүндө алкоголго ууланып, 27 киши каза тапты. Бейшемби күнү эртең менен 30 чакты адам алкоголдук уулануу менен Карачинин ооруканаларына жеткирилген. Жасалма арак жасаган деген шек менен эки киши кармалды. Пакистанда алкоголдук ичимдик ичүүгө тыйуу салынган, мыйзамды бузгандар балак алуу жана үч жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. Бирок мындай өкүм чыгарылган учурлар сейрек кездешет.

XS
SM
MD
LG