ИСЛАМАБАД. Пакистанда миңдеген исламчылар президент Мушаррафтын президенттикке талаптануусуна каршылык билдиришти. Тынч демонстрация Мушаррафтын шайлоого катышуу укугун күмөндөгөн арыздар Жогорку сотто каралып жаткан учурда өткөрүлүүдө. Соттун чечими келерки жумада чыгарылат. Президент 6-октябрда Федералдык жана провинциялык мыйзам чыгаруу органдарынын депутаттары тарабынан шайланат.
Пакистанда миңдеген кишилер Мушаррафтын президенттикке талаптануусуна каршылык билдиришти