Кыймыл бир катар саясий партиялардын, бирикмелердин өкүлдөрүнөн туруп, алар конституциялык реформанын ийгиликтүү соңуна чыгарылышы үчүн президентке көмөктөшмөкчү. Бул тууралуу бүгүн президент Курманбек Бакиевдин катышуусунда саясий партия, бирикме, мамлекеттик эмес уюмдар жана коомдук ишмерлер өткөргөн форумда айтылды. Жыйын соңунда кыймылдын декларациясы кабыл алынды. (EBM)